Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Ырчы Омар 26-августка чейин камалды


Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысейитовдун "Азаттыкка" билдиришинче, ырчы Омар Талас райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кечээ түнү ырчы Омар жүрөгү кармап, Талас облустук ооруканасына жеткирилген. Бүгүн анын абалы турукташып, ал тартип коргоо органдарынын кайтаруусунда жатат.

Шоу-бизнес жаатында Омар деген ат менен белгилүү болгон Өмүрбек Жанышевди Талас райондук милициясы “Кыргызстан” партиясы менен чогуу концерт бергени барган учурунда кармап, камакка алган. Ырчынын үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган жабырлануучу, ишкер Болот Бейшеналиев Өмүрбек Жанышев шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы июнда ишкерден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акчасын алган боюнча кайра бербей, качып жүргөнүн билдирген.

Өткөн жумада милиция Нуржанбек Токтогуловду кармап, камакка алган. Алар “алдамчылык, алдап ири суммадага акча алган” деген шек менен камалууда.

Омардын продюсери Миргүл Омардын бул акчага эч кандай тиешеси жок экендигин айтып, муну куру доомат деп билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG