Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Талас районунун жергиликтүү бийлиги акимди кызматтан кетирүүгө каршы


Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Самарбек Узгеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, 29-июнда Талас районунун акими Райкан Өзүбековдун 6 айлык ишинин отчету угулуп, аны жергиликтүү кеңештин депуттары канааттандырарлык деп табышты.

Жыйында акимди кызматтан алуу маселеси каралып, жергиликтүү кеңештин депутаттары аны ордунда калтырышты. Узгенов эгер акимди кызматтан алуу аракети жасала турган болсо, анда 13 айыл өкмөтү кызматын таштап кетээрин билдирүүдө. Алар буга чейин айтылган "Талас районунда алты айда иш жүргөн жок" деген дооматтарды четке кагып, жогорку бийликтен жергиликтүү кадрларды саясий оюндарга аралаштырбоону талап кылууда.

24-июлда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өткөн өкмөт жыйынында 2015-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы каралып, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине өз ишиндеги кемчиликтери үчүн эскертүү жана сөгүш берилген.

Анын ичинде өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн камсыз болбогондугу үчүн Талас облусунун Манас районунун акими Нурак Качкынбаевге эскертүү берүү жана Талас районунун акими Райкан Өзүбековдун ээлеген кызматына ылайыктуулугун кароо маселеси тапшырылган.

Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаров өз кезегинде акимди кызматтан алуу демилгеси көтөрүлбөгөнүн билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG