Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Интерпол Саакашвилини издөөдөн баш тартты


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Грузиянын өтүнүчү боюнча Украинанын Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвилиге эл аралык издөө жарыялоону Интерпол кабыл алган жок. Грузия Online сайты маалымдагандай, Тбилиси кайрадан Интерполго кайрылуу алдында турат.

Ушул жылдын май айында Михаил Саакашвили Украинанын президенти Петр Порошенконун жарлыгы менен Одесса облусунун губернатору болуп дайындалган. Ага чейин Украинанын жарандыгы алганы маалым болгон. Тбилисинин Саакашвилини кайтарып берүү өтүнүчүнө расмий Киев баш тартуу менен жооп берген.

Михаил Саакашвили 2004-2013-жылдар аралыгында Грузиянын президенти болуп келген. Президенттик мөөнөтү соңуна чыгып, 2012-жылы ал жетектеген партия шайлоодо утулган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин Грузиянын Башкы прокуратурасы Саакашвилини кызмат абалынан кыянаттык менен пйдаланды деп 4 кылмыш ишин козгогон. Учурдагы Одессанын губернатору ага карата тарыхый мекенинде саясый куугунтук болуп атат деп жооп берип келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG