Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Кыргызстанда заманбап медициналык жабдыктар тартыш


Ооруканаларда рентген аппараттардын көпчүлүгү иштен чыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле маалда дарыгерлердин шалаакылыгынан жергиликтүү ооруканаларда иштебей турган кымбат баалуу аппараттар бар экени аныкталды. Маселен, Кара-Кулжадагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо баасы бир жарым миллион сомдук рентген аппарат колдонулбай турган. Ушундай көрүнүш Ала-Бука районундагы ооруканада дагы бар.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев мындай көрүнүштөргө катуу чара колдонулаарын эскертет. (TSh)

XS
SM
MD
LG