Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Каримов: Өзбекстанда бөтөн өлкөнүн аскерий базалары болбойт


Өзбекстандын эрктүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган концерт. Наманган, 1-сентябрь
Өзбекстандын эрктүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган концерт. Наманган, 1-сентябрь

1-сентябрь - Өзбекстанда көз карандысыздык күнү. Эркиндиктин 24 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн президент Ислам Каримов Өзбекстанда эч кандай чет элдик аскерий база болбойт, өзбек жоокерлери чет өлкөлөрдөгү аскердик операцияларга катышпастыгын билдирди.

АКШ беш күн илгери Ташкенди “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарына каршы эл аралык коалицияга кошулууну сураган.

Анткен менен Өзбекстандын Ооганстан чек арасына жакын Термез шаарында германиялык аскерлер жайгашкан.

Каримов азыр 77 жашта. Ал өлкөнү совет бийлиги кулагандан бери башкарат. Аны Батыш өлкөлөрү менен адам укугун коргоочулар диссиденттерди куугунтуктап, сөз эркиндиги сындуу демократиялык баалуулуктарды урматтабаганы үчүн такай сындап келатышат.

XS
SM
MD
LG