Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Кулматов: жыл аягына чейин таштандыны тазалайбыз


Бишкек шаар башчысы Кубанычбек Кулматов жыл соңуна чейин борбор калаа таштандыдан тазалана турганын “Азаттыкка” билдирди. Бул максатта инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. Шаар башчысынын белгилешинче, техникалык, материалдык база жетишсиз болгондуктан, айрым аймактарда таштанды кол менен тазаланууда.

-Машинелер жетпей жатат. Ал маселени биз чечебиз. Менимче, менчик компанияларды киргизебиз. Эки жумадан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, - дейт Кулматов.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев шаардагы мектептердин биринде сүйлөп жатып Бишкектин абалына нааразылар көп экенин белгилеген. 2015-жылдын соңуна чейин калаа таштандыдан тазаланбаса, Кулматовго башка жумуш издеш керек болорун айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG