Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Түркия: Армиянын "антитеррордук" миссиясы дагы бир жылга узартылды


Түркия парламенти армиянын коңшулаш Ирак жана Сириядагы жихадчылар менен күрт согушчандарга сокку уруу мандатын дагы бир жылга узартты. Армияга мурда берилген мандат 2-сентябрда бүткөндүктөн, парламент берегидей чечимди жума күнкү кезексиз жыйында кабыл алды. Бул чечим чет элдик аскерлерге, анын ичинде АКШнын авиакүчтөрүнө Инчирлик авиабазасын пайдаланып, “Ислам мамлекети” тобуна сокку урганга уруксат берет.

Мындай өтүнүчтү башкаруучу АК партиясы “Түркиянын улуттук коопсуздугуна түштүк чек арадан коркунуч күчөөдө” деп, өткөн жумада жасаган эле. Анкара июлдун аяк ченинде “Ислам мамлекети” тобуна жана тыйуу салынган Күртстан жумушчу партиясынын Түндүк Ирактагы өңүттөрүнө сокку урууну баштаган.

XS
SM
MD
LG