Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Болот Миңжылкыевге арналган эл аралык искусство фестивалы өтүп жатат


Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында дүйнөлүк опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык экинчи искусство фестивалы өтүп жатат. Спектаклдердеги башкы партияларды Италиянын, Түркиянын, Орусиянын жана Кыргызстандын опера жылдыздары аткарышууда. Репертуарда дүйнөлүк классикалык опералар бар.

Аталган театрдын директору Болот Осмонов билдиргендей, 11-октябрда эл аралык фестивалдын жабылышы болот. Гала-концертке Казакстан, Тажикстан, Орусиядан, Түркиядан белгилүү ырчылар келишет.

Быйыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынын 2015-жыл Болот Миңжылкыевдин жылы деп жарыяланган. (ZA)

XS
SM
MD
LG