Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Лукашенко Алексиевичке Нобель сыйлыгы тапшырылганын кубаттады


Беларус президенти Александр Лукашенко жазуучу мекендеши Светлана Алексиевичке Нобель сыйлыгынын берилишин кубаттады. Бул тууралуу

Белта агенттигинин жазышынча, Лукашенко “Ал Беларус жараны болгонуна мен кубанычтамын. Адамдын өз позициясы болгону жакшы. Ал оппозицияда болушу мүмкүн, бирок бул анын стили, формасы. Мен буга эч кандай каршылыгым жок” - деген атомдук электростанциясынын ачылышына барган учурда.

Лукашенко бул пикирин президенттик шайлоого эки күн калганда билдирди.

Алексиевич Нобель сыйлыгы тапшырылгандан кийин жекшемби, 11-октябрдагы шайлоодо добуш бербей тургандыгын билдирген.

67 жаштагы жазуучу Алексиевич “Согуштун аялдык жүзү жок”, “Кыт балдар”, “Чернобыль дубасы” аттуу китептери менен таанымал. Анын чыгармаларында СССР жана постсоветтик доордун катаал жашоосу чагылдырылат. Ошондой эле ал Лукашенконун бийлигине авторитардык башкаруу деген сын көз карашын айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG