Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Азербайжан манаттын курсун эркин коё бериши мүмкүн


Азери манаты.
Азери манаты.

Азери өкмөтү улуттук акча – манаттын алмашуу курсун эркин коё берүүнү караштырып жатканын бүгүн Улуттук банктын төрагасы Элман Рустамов парламент жыйынында билдирди.

Рустамовдун айтымында, азери бийликтери бул мүмкүнчүлүктү азыр эл аралык эксперттер менен талкуулап жатышат. Төрага кошумчалагандай, учурда өлкөнүн чет элдик валюта резерви 7 миллиард долларга барабар. Бирок бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтүн жарымынан аз.

Азербайжан - Казакстан жана Орусия сыяктуу өкмөттүн кирешеси жана чет элдик валюта кору мунай экспортуна байланган өлкө.

Казакстан теңгенин курсун быйыл 20-августтан тарта гана эркин коё берди. (UE)

XS
SM
MD
LG