Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

Талас: Балдарга коопсуздук лентасы тагылат


Таластагы “Элназ” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлнара Избасарованын билдиришинче, Аманбаев айылындагы окуучулардын коопсуздугу үчүн алардын кийимдерине жарык чагылта турган ленталарды тагуу сунушталууда. Ленталар үчүн айыл өкмөтү өз казынасынан каражат бөлүүнү караштыра турган болду.

Андан сырткары, айыл кеңеши окуучулардын коопсуздугу үчүн жолдорго ала-була сызыктары бар резина дөңчөлөрүн коюу ойлорун да айтышууда. Айыл башчылары “Элдин коопсуздугун биргелешип коргоо” долбоорунун алкагында өткөн иш-чарадан кийин ушундай чечимге келишти.

Аталган долбоор республика боюнча 12 айылда, ал эми Таласта бир гана Аманбаев айыл өкмөтүндө иштеп жатат. Долбоор 4 багытта иш алып барат. Алар: балдардын жол коопсуздугу, дүкөндөрдө өспүрүмдөргө ичимдиктердин сатылышына каршы, чек арага жакын айылдардагы маселелер, аш-тойлордогу ысырапкорчулукту кыскартуу.

Долбоорду БУУнун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы, “Реформалар жана жыйынтык үчүн” коомдук уюму, Таластагы “Элназ” коомдук уюму уюштуруп жатат. Аманбаев айылы облустук борбордон алыс, чек арага жакын айыл. (SS)

XS
SM
MD
LG