Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болду


Өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна толук кошулуусу боюнча келишим бүгүндөн тартып күчүнө киргенин президент Нурсултан Назарбаев элге кайрылуусунда билдирди. Казак мажилиси тиешелүү документти быйыл июлда бекитип, сентябрда мамлекет башчы кол койгон. Расмий Астана биримдикке кирүү боюнча арызды 1996-жылдын 29-январында бергенине карабай, аны кабыл алуу багытындагы сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылга созулду. Ошол эле маалда өлкө Евразия экономикалык биримдигинин да курамында.

Буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенко Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши - Евразия экономикалык биримдигине кедергисин тийгизерин айтып, казак жана беларус базарында олку-солку абал пайда болорун билдирген. ЕАЭБ мамлекеттеринин арасынан Орусия менен Кыргызстан да Дүйнөлүк соода уюмуна кошулган. Москва 2012-жылы 18 жылга созулган аракеттен кийин кирсе, Кыргызстан 1998-жылы кабыл алынган. Уюмдун курамында Казакстанды кошкондо 162 мамлекет бар. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG