Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

ИМ тобу Ирак менен Сирияда алсырап, Ливияда күчтөндү


ИМ тобунун Сириядагы башкы таянычы Ракка шаары. 2014-жылы июнда тартылган сүрөт.
ИМ тобунун Сириядагы башкы таянычы Ракка шаары. 2014-жылы июнда тартылган сүрөт.

Мындай маалыматты Ак үй АКШнын чалгын мекемелеринин жаңы маалыматтарына таянып жарыялады. Соңку эсептерге караганда, “Ислам мамлекети” тобунун Ирак менен Сириядагы согушкерлеринин саны мурдагы 31 миңдин тегерегинен 25 миңдин айланасына түшкөн.

Согушкерлер санындагы бул 20%дык азайуу уруш учурундагы жоготуулар, дезертирлик жана АКШ баштаган коалициянын аракеттери менен байланыштырылууда. Коалиция Ирактын жана күрттөрдүн ИМ тобуна кургактан күрөшүн абадан колдоп жатат.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнесттин айтуусунда, алар коалициянын 2014-жылдан берки 10 миңден ашуун аба соккусу жана чет элдиктердин “Ислам мамлекети” тобуна кошулуусуна тоскоолдук кылуу боюнча эл аралык аракеттер өз натыйжасын берди деп эсептөөдө.

Бирок Сирияга кирүү кыйынчылык жаратканы менен Түндүк Африкалык согушкерлер Ливияга кетип жаткандай. АКШ чалгын кызматтарынын эсебинде, азыр бул өлкөнүн Жер ортолук деңиз жээгиндеги аймактарында таасирин чыңдаган ИМ тобунун согушкерлер саны 3000-6000дин ортосунда. Бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылат.

АК үй билдиргендей, Пентагон азыр ИМ тобунун Ливиядагы аракеттерине мониторинг жүргүзүп, жооп чараларды, балким аскерий чара көрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. (UE)

XS
SM
MD
LG