Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Орусия өзөктүк куралы жөнүндө АКШ менен сүйлөшүүнү каалабайт


Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.
Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.

Орусия менен АКШнын өзөктүк курал тууралуу сүйлөшүүсү мүмкүн эмес деп билдирди орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. Москва мындай сүйлөшүүгө өзөктүк куралы бар бардык өлкөлөр катышууга тийиш деп эсептейт.

5-февралда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс Орусияны өзөктүк куралдар боюнча сүйлөшүүнү жандантууга чакырган. Беш жыл мурун 5-февралда өзөктүк куралдарды кыскартуу жана чектөө киргизүү боюнча Орусия менен АКШнын ортосунда келишим ишке кирген болчу.

Келишимге АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведев 2010-жылы апрелде кол коюп, ал 2011-жылы 5-февралдан тарта ишке кирген.

XS
SM
MD
LG