Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Орус медиасы метродо эрдик жасаган Исаевдин ысымын атай баштады


Марат Исаев
Марат Исаев

Социалдык тармактардагы нааразылыктардан соң Орусиянын телеканалдары Москва метросунда эрдик жасаган кыргызстандык жаран тууралуу да баяндай башташты.

11-февралда метродо талмасы кармап, рельске кулаган аялды куткарып калган кыргызстандык Марат Исаевдин эрдиги орус медиасында айтылбай, аны менен бирге рельске түшкөн полиция кызматкери Артем Королюктун гана ысымы аталып жатканы социалдык тармакта кызуу талкууланып, орус журналистикасына нааразы пикирлер көп айтыла баштаган эле.

Ишемби күнү Орусиянын “Биринчи каналы” окуя тууралуу жаңыртылган баянды сунуштап, анда Марат Исаевдин тайманбас аракетин да алкап өттү.

Кырсык болгон учурда Исаев менен Королюк жүрүп бараткан поезддин астына жатып, аялды куткарып чыгышкан.

Полиция кызматкери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнү расмий кабарланды. Жарандык активисттер кыргызстандык Марат Исаевге да сыйлык берилиши керектигин белгилешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG