Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Кыргызстанда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын аймагында бүгүн жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 12:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда силкинүүнүн күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кызыл-Жар айылында 4 балл, Атанада 3,5, Кум, Семет, Сары-Кашка, Улук айылдарында жана Таш-Көмүр шаарында 3 балл, Ак-Суу, Кербен, Шамалды-Сай, Ак-Сайда 2,5 балл болуп сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. Ушул эле аймакта 16-февралда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Ошондой эле бүгүн саат 09:29да коңшу Тажикстанда, Кыргызстандын Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынан 30 чакырым түштүк-батыш тарабында 2 баллдык жер титирөө катталды. Кыргыз жергесинде жердин силкинүүсү сезилген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG