Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Адам укуктары улуттук деңгээлде талкууланат


Кыргызстандагы адам укуктарынын, сөз жана ишеним эркиндиктеринин абалы боюнча талкуу бүгүн Бишкекте өткөрүлөт. Ал “Бир дүйнө укук коргоо” кыймылы тарабынан уюштурулууда. Кыймылдын лидери Төлөйкан Исмаилова мындай талкуу улуттук деңгээлде биринчи жолу уюштурулуп жатканын билдирди:

-Сөз эркиндиги, дин тарабында эмне үчүн кысым болуп атканы, адам укуктарына кандай тоскоолдуктар болуп жатканы талкууланып, аларды кандай чечүүнүн сунуштары айтылат.

“Бир дүйнө” укук коргоо кыймылы өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анын корутундусу бүгүн жарыяланат. Жыйынга жергиликтүү укук коргоо уюмдары, ЕККУнун эксперти, парламентарийлер катышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG