Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Лавров: Эгер Швеция НАТОго кирсе, Москва “чара көрөт”


Москва Швециянын НАТОго кирүү жөнүндө чечимин урматтайт. Бирок аскерий альянстын Орусиянын чек арасына жакындоосуна жооп катары “чараларды” көрөт. Мындай пикирин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

"Эгер Швеция НАТОго кире турган болсо, шведдер бизге кол салышы мүмкүн дегенден алыспыз", - деди Лавров кечээ шведдердин Dagens Nyheter гезитине берген маегинде. Дипломаттын айтымында, швед аскерий түзүмү бул жагдайда НАТОнун жогорку командачылыгына баш ийе турган болот. Буга байланыштуу Орусия түндүк чектеринде зарыл болгон аскерий-техникалык чараларды көрөт.

Лавров НАТО менен Швециядагы “русофобияга”, Стокгольмдун Орусияга каршы европалык санкцияларды колдогондугуна карабастан, Москва “аскерий тирешүү ишмердүүлүгүн күчөтүүгө” кызыкдар эмес экендигин кошумчалады. Ал Орусия кайсы гана мамлекет болбосун, өз коопсуздугун камсыздоону өз алдынча чечүүгө укуктуу экендигин дайыма колдоп келгендигин айтты.

XS
SM
MD
LG