Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Назарбаев Жер кодексин өзгөртүүгө мораторий жарыялады


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө 2017-жылга чейин мораторий жарыялады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматы жергиликтүү булактарга таянып кабарлады.

Өлкөдө кодексти өзгөртүүгө каршы массалык нааразылыктар 24-апрелден бери курчуган. Митингге чыккандар бийликке каршы чакырыктарды жасашкан. Алардын айрымдары кармалып, административдик жазага да тартылды.

Назарбаев алгач бул акцияларды кутумчул күчтөр уюштурганын билдирген. Бийликчил маалымат каражаттары "Батыштын колу бар" экенин жар салышкан.

Коңшу өлкөдө өзгөртүлгөн Жер кодекси 1-июлдан күчүнө кирмек. Бирок талаш маселелерден улам ал токтотулганын 5-майда мамлекет башчы билдирди.

Мурдараак жарандык активисттер 21-майда өлкө боюнча ири каршылык акциясы өтөрүн жарыялашкан эле.

XS
SM
MD
LG