Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Кытай: Этникалык жана студент кыргыздардын турнири өттү


Футбол.
Футбол.

Бээжинде кыргызстандык студенттер менен Кытайдын аймактарында жашаган этникалык кыргыздардын мини-футбол боюнча турнири өттү. Бул тууралуу кытайлык CCTV телеканалы кабарлады.

“Чоро-2016” аттуу беттеш ушуну менен жетинчи ирет өтүүдө. Ага жети команда катышып, көпчүлүк этникалык кыргыздар Бээжинге аймактардан келишкен.

Кытай коомдук илимдер академиясынын өкүлү Адил Жуматурду мындай иш-чаралар ынтымакты арттырарына үмүттөнөт: “Эки өлкөдөгү кыргыздардын тыгыз байланышы абдан маанилүү болуп турат”,- деди ал.

Кытайда 1916-жылкы Үркүндө ооп барган кыргыздардын бир бөлүгү жана андан мурда эле ата-бабасы байырлаган Мекенинде этникалык кыргыздар жашайт.

XS
SM
MD
LG