Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Адвокат: Коркмазов жаза мөөнөтүн өтөп бүттү


Хажимурат Коркмазов.
Хажимурат Коркмазов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун абактагы жаза мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу анын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук соту жана Бишкек шаардык соту кабыл алган жаза мөөнөттү өтөп бүттү. Буга байланыштуу УКМК керектүү документтерди толтурган соң экс-депутат эркиндикке чыгышы керек.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук милдетти аткарган деп айыпталууда. Алар былтыр жыйында кармалган.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту бүгүн айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

XS
SM
MD
LG