Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Ошто 60 адам биринчи жолу паспорт алды


Мындай маалыматты Ош шаардык паспорт-виза кызматынын жетекчиси Ринат Алиев билдирди. Ош шаарында жашап, бирок Кыргызстандын жараны катары таанылбаган алтымыштан ашык жаран ушул жылдын сентябрь айынан бери паспорт алууга арыз таштаган. Алардын көбү советтик паспортун алмаштыра электер жана такыр паспорт ала электер болуп чыккан.

Советтик кызыл паспортту жаңысына алмаштырбай жүргөндөрдүн көбү 40 жаштан жогорку курактагылар. Өмүрүндө паспорт ала электердин басымдуусу Жапалак айылынан.

БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Кыргызстанда 15 миӊден ашык кишинин жарандыгы жок экенин жарыялаган. БУУ ушул жылдан тарта дүйнө жүзүндөгү 10 миллионго жакын жарандыгы жокторду каттоого алуу өнөктүгүн баштады.(YI)

XS
SM
MD
LG