Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өтүүдө


Укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасына анын жакындары, санаалаштары катышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоочулар конгрессинин координатору Турсунбек Акун билдирди.

Шералы Назаркулов 2002-жылдын 7-февралында Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күн ачкачылык кармап, каза болгон. Турсунбек Акун Назаркуловдун өлүмү бийлик үчүн сабак болгонун белгиледи:

- Мурдагыдай бир адам башкарбай, парламентке, өкмөткө көбүрөөк укуктар берилди. Кыргызстанда митинг өткөрүү эркин болуп калды. Азыр бийлик кандайдыр бир деңгээлде элден коркуп турат. Энергиянын тарифин көтөрө албай кыйналып атышат. Эл козголобу деп коркушууда. Шералы Назаркуловдун өлүмү текке кеткен жок. Ачкачылык акциясына Шералы гана эмес, 700дөн ашык адам, анын ичинде мен, Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова, Төлөйкан Исмаилова катышканбыз. Биз 15 күндөн кийин ачкачылык акциясын токтотконбуз, ал эми Шералы токтотпой коюп, 22 күндөн кийин дүйнө салган.

Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы кечээ да өткөн. Ага катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары, акыйкатчы, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана жакын туугандары маркумдун эстелигине гүл коюп, куран окушкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG