Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

“Жаз. Бишкек. Жаз” фестивалынын юбилейлик концерти болот


Эл аралык “Жаз. Бишкек. Жаз” музыка фестивалынын юбилейлик онунчу айлампасы 10-12-апрель күндөрү Улуттук филармонияда өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, кечеге Кыргызстан, Германия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан 11 топ катышат. Фестиваль алкагындагы концерттер филармониядан сырткары, Токмок шаарындагы маданият сарайында, Республикалык балдар китепканасында, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда жана “Студия 247” арт-клубунда өтөт.

“Борбор Азия - Арт Менежмент” коомдук фонду тарабынан жыл сайын уюштурулуп келаткан “Жаз. Бишкек. Жаз” фестивалында жаштарга тренинг өткөрүлүп, талкуулар уюштурулат. Быйыл “Борбор Азиядагы этножаз” деген темада конференция өткөрүү пландалууда. Анда аймактагы жаз жанрынын ийгилиги жана көйгөйлөрү талкууланат. (SE)

XS
SM
MD
LG