Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Самарада окуу борборуна “чет элдик агент” деген айып тагылды


Шаардагы Октябрь райондук соту “Экология жана жашоо коопсуздугу” деген билим берүү борборун чет элдик агент деп таанып, 150 миң рубль жаза айыпка жыкты. Мурдараак аталган окуу борборунун каржы булагы АКШдагы металлургиялык Alcoa Inc компаниясы деп табылып, 20-мартта окуу борбору “чет элдик агенттер” деген тизмеге киргизилген. Аталган тизмеге “Волга үнү” фонду, “Гендерлик теңчилик боюнча изилдөө борбору жана улуттар аралык мамилени жакшыртууга колдоо көрсөтүүчү “Азербайжан” коомдук бирикмеси да кирген болчу.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агент” деп таануу боюнча мыйзам долбоору Кыргызстанда да сунушталып жатат. Буга жарандык активисттер каршылык билдирип, бул мыйзам бийликке жакпаган бейөкмөт уюмдарды ооздуктоого шарт түзүп берет деп айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG