Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

“Кара тизмедеги” кыргызстандык мигранттарга мунапыс берилбейт


Бул тууралуу Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын өкүлү Татьяна Дмитриева маалымдады.

Анын ырасташынча, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин Орусияда мыйзам бузган мигранттар “кара тизмеден” чыгарылбайт. Аталган тизмедеги студенттерге, күйөөсү же аялы орус жарандыгын алгандарга гана Орусияга кайрадан кирүүгө мүмкүндүк болот. Калган учурларда чет элдик жарандар сотко кайрылууга туура келет.

Миграциялык кызматтын өкүлдөрү Москвадагы кыргыз диаспорасы менен 10-апрелде жолугуп, ЕАЭБдин алкагында эмгек мигранттарына кандай шарттар түзүлөрүн түшүндүрүштү.

Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп, "кара тизмеге" илинген кыргызстандыктардын саны 77 миң. (LaZ)

XS
SM
MD
LG