Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Барактыктардын мүлктөрү чыгарылат


Өзбекстандын курчоосунда калган Барак эксклавындагы тургундардын мүлктөрүн ташып чыгууга оор жүк ташуучу унаалар жиберилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат катчысы Абдирашип Бекилов кабарлады. Анын айтымында оор жүк ташуучу унаалар Барак айылына эки даана МТЗ-82 тракторун, 1850 кг жүгөрү үрөнүн, 16100 кг арпа үрөнүн жеткирип берет. Кайтканда Барактан Кыргызстандын Кара-Суу районуна көчүп чыккан жарандардын 25 баш кара малын, 150 баш коюн, 2354 даана терегин жана үй эмеректерин жүктөп келишет. Бул үчүн Өзбекстанга ӨКМдин 6 даана оор жүк таашуучу унаасы бүгүн жөнөтүлдү. Алар Өзбекстанга Оштон 80 чакырым алыстагы Кызыл-Кыя шаарынан кирип чыгышат.

Учурда Баракта 20 чакты жергиликтүү турган калган. Мурун ал айылда 750 адам жашаган. Барактын жалпы аянты 210 гектар. Өзбектандын курчоосунда калган Барак айылына кирүүчү жол 2013-жылы 16 -январда өзбек бийлиги тарабынан жабылган. (YI)

XS
SM
MD
LG