Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Алматыда тогуз коргоол боюнча III Дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат


Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Садырбекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда 13-апрелде Казакстандын Алматы шаарында башталган оюндар 18-апрелге чейин уланат. Ага 23 өлкөдөн 50дөн ашуун спортчулар катышууда. Кыргызстандын намысын спорт чеберлери даражасына ээ болгон 9 тогуз коргоолчу коргоодо. Жеңүүчүлөр блиц, рапид жана классика түрү боюнча аныкталып, жалпысынан 6 топтом медаль ойнотулат. Ар бир түрдө оюнчулар 7 тур оюн ойношот.

Классикалык түр боюнча 2 турдун жыйынтыгында кыргызстандыктар Анарбек Жамакеев, Мураталы Исмаилов, Аида Керимбекова жана Чолпон Кендирбаева атаандаштарына утулбай азырынча көч башында келе жатышат. Блиц боюнча оюндар 16-апрелде, рапид боюнча 17-апрелде болот. Тогуз коргоол боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат 2010-жылы Астана шаарында өткөн. 2012-жылы экинчи дүйнөлүк чемпионат Чехиянын Пардубице шаарында болгон. (ECh)

XS
SM
MD
LG