Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Баткендик аялдар бизнеске үйрөнүүдө


Экономика министрлиги 20-22-апрель күндөрү Баткенде лидер аялдар үчүн атайын семинар өткөрүүдө. Аталган министрликтен кабарлашкандай, финансылык сабаттуулук, бизнести пландоо, ишкерликти өнүктүрүү боюнча сабактар уюштурулууда.

Семинарга катышуу ниетин 47 аял билдирип, алардын арасынан 28 жаштан 65 жашка чейинки курактагы 26сы тандалып алынган. Көбү айыл чарба продукциясын өндүрүү, соода, кол өнөрчүлүк боюнча чакан бизнеси бар айымдар.

Долбоорду Азия банкы аркылуу жапон өкмөтү каржылоодо. Буга чейин ушундай семинарлар Ош, Нарын, Каракол, Талас, Жалал-Абад жана Токмок шаарларында өтүп, аларга 99 аял катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG