Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

ЕАЭБ: Кыргызстандагы өткөрмө бекеттер керектүү жабдуулар менен жабдылды


Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, комиссиянын өкүлдөрү 19-24-апрелде жана 5-7-майда кыргыз-казак жана кыргыз-кытай чек арасындагы бажы өткөрмө бекеттеринин даярдыгын текшерген. Анын жыйынтыгы менен бекеттери Евразия экономикалык биримдигинин бардык талаптарына жооп берген жабдыктар менен камсыздалганы белгилүү болгон.

Эми 8-майда Москвада Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында кабыл алынган келишимдерди уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери ратификацияласа, кыргыз-казак чек ара бекеттери ачылат. Кыргыз тарап келишимдер алдыдагы эки ай аралыгында ратификацияланат деген үмүтүн билдирүүдө.

Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол коюшту.(BkA)

XS
SM
MD
LG