Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

Кыргыз футболчулары Бириккен Араб Эмиратына кетти


Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын оюнчулары 12-май күнү таң эрте Бишкек - Дубай каттамы менен Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарына сапар алышты. Ал жакта 2016-жылы Катарда өтө турган Азия чемпиондугунун тандоо оюндарына катышышат.

Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун шакирттери 16-майдан 20-майга чейин "В" тайпасында Кувейт, Иордания жана Пакистандын футболчулары менен Азия чемпиондугунун финалдык беттешине чыгуу үчүн таймашышат.

Кыргызстан-Кувейт беттеши 16-майда, Кыргызстан-Иордания беттеши 18-майда, Кыргызстан-Пакистан беттеши 20-май күнү Al Qattarа стадионунда өтөт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 23:15те башталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG