Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

Атамбаев Сузакта кырсыктан жабыркагандар менен жолугат


Бүгүн түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев Сузактагы жер көчкү болгон аймакка барат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мамлекет башчынын маалымат катчысы Жанар Акаев кабарлады. Анын айтымында, президент табигый кырсыктан жабыркагандар менен жолугуп, анын кесепетин жоюу иштери менен таанышат.

Андан соң президент эки күн Жалал-Абад жана Ош облустарында сапарын улантып, коомдук-саясий абал, жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана башка иштер менен таанышат.

Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада 6 адам каза таап, айылдын 5 тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG