Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Паракорлукка шектелгендерди кармоо учурунда чуу чыкты


Бишкекте ири суммада пара алды деп шектелген эки жаранды кармоо учурунда чуу чыкты. Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын маалыматына караганда, 19-июнда өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мекемесинин эки кызматкери 300 миң сом пара алып жатканда кармалган, бирок аларды колго түшүрүү учурунда окуя болгон жерге 20 чакты кесиптеши келип, "тергөө иштерине тоскоолдук жараткан".

Учурда кылмышка шектүү эки кызматкер УКМКнын тергөө абагында жатат. Соттун чечими менен алар эки айга камалды. Ал эми тергөөгө тоскоолдук кылгандардын аракетине укуктук баа берилгени жатат.

Коррупцияга каршы кызматка "Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын эки өкүлү 2013-жылдан бери ай сайын 120 миң сомдон пара талап кылып келатышат" деген арыз түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG