Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Абактан качкандар чек ара аймактарында изделүүдө


Чүйдөгү №50 абактан качып, дайынын билгизбей жүргөн Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов кыргыз-казак чек арасына жакын аймактардан изделүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, казак чек арачылары 20-октябрда Степное чек ара тозотунун аймагында эки күмөндүү эркекти көргөнүн билдирген.

12-октябрда абак кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен тогуз кишинин экөө кармала элек. Кармалгандардын экөө оорудан, экөө милициянын огунан каза тапты. (SE)

XS
SM
MD
LG