Евробиримдик ондогон жылдардан берки эң катаал миграция мыйзамын кабыл алганы турат. Жаңы эрежелер башпаанек суранычы четке кагылган адамдарды үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүүгө жол ачат. Айрым маалымат каражаттары мындай өлкөлөрдүн арасында Казакстан менен Өзбекстан дагы бар экенин жазышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу тууралуу Иран менен «мыкты келишимге» жетишилгенин, ага дем алыш күндөрдө кол коюлушу ыктымал экенин билдирди. Анын алдында америкалык лидер Ислам жумуриятына каршы ири сокку уруу планын жокко чыгарганын айткан.
Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу боюнча Иран менен «мыкты келишимге» жетишкенин билдирди. Тегеран келишим боюнча соңку чечим кабыл алына электигин айтууда.
Футбол күйөрмандары төрт жылдан бери күтүп жаткан дүйнө чемпионаты башталууда. Бул жолку турнир көп жагынан өзгөчөлөнүп турат. Катышуучулардын саны көбөйтүлүп, 48 улуттук команда ат салышмакчы.
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулукта футбол аянтчасын ачып, кайрымдуулук иш-чарасына катышты. Өзүнө козголгон иш тууралуу үн каткан жок.
Украин аскерлери оккупацияланган Крымга кеткен жолдорго жана логистикага сокку урууда. Жарым аралда күйүүчү май тартыштыгы майдын этегинен бери сезилип жатат. 8-июнда дрондордун бири поездге тийгенде темир жол кыймылы үзгүлтүккө учураганы маалымдалган.
7-июндун кечинде Иран Израилге бир нече ракета аткандан кийин ЦАХАЛ Ислам жумуриятындагы аскердик жайларга сокку урганын билдирди. Тегеран өз чабуулун израилдик аскерлердин Бейрутту бомбалаганына жооп чара деп атаган. Израил "Хезболла" согушкер тобунун Ливандагы буталарына чабуул койгонун айтууда.
“75чилердин каты” боюнча сот иши улантууда. Айыпталуучулардын отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн судья четке какты. Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду. Өткөн түнү Израил менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду.
Армениядагы парламенттик шайлоодогу бюллетендердин жыйынтыгы Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы жеңгенин көрсөтүүдө.
Бишкектеги белгилүү “Тюбетейка” кафесинин кожоюндары тамактануучу жайды башкалар рейдерлик менен тартып алып жатканына даттанып чыгышты. Интернетте кафедеги ызы-чуу тартылган видео да тарап, коомчулукта резонанс жаратты.
“75чилердин каты” боюнча сотко экс-элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов келди. Бул иште үч жашыруун күбө бардыгы белгилүү болду. Бээжиндеги Тяньаньмен аянтындагы кыргынга 37 жыл болду. Индиядагы мейманканадагы өрттөн үч кыргызстандык каза болду.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. 3-июнда өткөн шайлоодо Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн Филиппин менен ат салышып, 4-жолку айлампада 142 мамлекеттин добушун алды.
Дагы жүктөңүз