Бишкек мэриясы шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол куруу ишин баштады. Окуу жайдын администрациясы ал жерде кампус курулуп жатканын айтып, жол салынышына каршылыгын билдирди.
“75чилердин каты” боюнча сот иши мындан ары ачык өтө турган болду. Футбол күйөрмандары төрт жылдан бери күткөн дүйнө чемпионаты башталууда. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу өтө турган жолду ачуу иштери башталды.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулукта футбол аянтчасын ачып, кайрымдуулук иш-чарасына катышканы белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров менен саясий тандеми бузулуп, өзүнө жана жакындарына кылмыш иши козголгондон бери Ташиев эки-үч жолу коомчулуктун алдына чыкты.
Соңку күндөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон мурдагы сегиз кишинин соту коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иш жабык өтүп, "бийликти басып алууга аракет" беренеси боюнча айып тагылган аткаминерлер комментарий берүүдөн карманууда.
Баткен шаарынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Зардалы айылы көп жылдар бою жарыксыз, интернетсиз жана жол азабын тартып жашап келген. Кышында тышкы дүйнө менен байланышы үзүлүп, тургундар кооптуу тоо жолдорун жөө басып каттоого аргасыз болушкан.
Бишкекте диабеттик бут синдромун дарылаган адистердин алгачкы бейформал жыйыны өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан дарыгерлер келип, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында сел агызып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 8-июнга караган түнү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Кыргызстанда балдардын 95% тиши кариес. ЮНИСЕФ уюмунун акыркы жылдары жүргүзгөн изилдөөсү алты жашка чейинки балдардын 78% таттуу суусундуктарды ичерин көрсөткөн.
Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды.
Индияда мейманканада чыккан өрттөн үч кыргызстандык каза тапты. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында жакында боор алмаштыруу операциясын жасаткан Ош шаарынын тургуну Наргиз Кочкарова, ага донор болгон 23 жаштагы уулу жана апасы бар.
“75чилердин каты” боюнча сотко экс-элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов келди. Бул иште үч жашыруун күбө бардыгы белгилүү болду. Бээжиндеги Тяньаньмен аянтындагы кыргынга 37 жыл болду. Индиядагы мейманканадагы өрттөн үч кыргызстандык каза болду.
Дагы жүктөңүз