Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

САЯПКЕРЛИК ӨНӨР БААЛАНБАЙ КЕЛҮҮДӨ


Учурда өлкөдө саяпкерлик өнөр бааланбагандыктан кыргызстандык мыкты саяпкерлер Казакстанда күлүк таптап жүрүшөт. Эгемендүүлүктүн 15 жылында Борбор Азиядагы ат чабыштарда байгеге коюлган 27 жеңил машинаны уткан таластык жети бир тууган Батыркуловдорго жана башка саяпкерлерге көңүл бурулбагандыктан Казакстанда иштеп жатышат.

Учурда аламан байге жарыштарга жаңы кыргыз жана таза кандуу англис тукумундагы күлүктөр чабылып жүрөт. Борбор Азияда саяпкерлик өнөрү бааланган таластык Батыркуловдор таза кандуу англис тукумундагы күлүктөрдүн артыкчылыгын баалайт. Казакстанда иштеп жүргөн Жеңиш Батыркулов эки жылда эле аламан байгеден 13 жеңил машина утуп, учурда Казакстандагы эң мыкты саяпкер аталган. Кыргызстанда акыркы жылдары саяпкерлик өнөр бааланбагандыктан мыкты өлкөнүн мыкты саяпкерлер атбашылык Керим Өмүралиев, чүйлүк Сталбек Ибраимов, көлдүк Таалай Бурганаков жана жети бир тууган Батыркуловдор казактардын күлүктөрүн таптап Казакстанда жүрүшөт.

Себеби, Казакстанда алардын өнөрү бааланып, бир мелдеште эле үч - төрт машина байгеге сайылып турат. Ал түгүл аламан байге жарыштарына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзү келип, күлүктөрдү сүрөөнгө алып, жеңүүчүлөргө баш байгени тапшырып турат. Күлүк ээси Замирдин айтымында акыркы жылдары Кыргызстанда ат чабышка анча маани берилбей, көңүл сыртында калып, жакшы байге коюлбай калгандыктан Казакстандагы жарыштарга барууга аргасыз.

-Өткөндө Алматыдагы аламан байгеде алдыңкы үч орунду тең кыргызстандык саяпкерлер таптаган күлүктөр ээледи. «Кыргыз баурлар бүт байгени алып кетип, биз куру жалак калуудабыз» дешип казактар наалып турушту. Мындай аламан байге жарыштарын көрүү үчүн Астанадан президент Нурсултан Назарбаев өзү Алматыга келип турат. Бир эле ат чабышта 7 машина сайылды. Казактар аламан байгеге өзгөчө маани беришип, сүрөөнгө алып турушат,- дейт Замир.

Таластык саяпкер Руслан Батыркуловдун айтымында нукура кыргыз жылкылары тоо-ташка мал багып минүүгө, көк бөрү мелдештерине түшүүгө жарамдуу, чыдамкай, чыйрак келип, аламан байгеде алардан асыл тукум англис жылкылары озуп чыгат. Күлүктү мыкты саяпкер таптаганы менен аны чапкан чабандеске да байланыштуу.

- Асыл тукум англис жылкыларын аргындаштырып күлүк алабыз. Кыргыз жылкылары аламан байгеге жарабайт. Алар анык көкбөрүнүн аттары. Кыргызда «байтал чыгып байге албайт» деген накыл кеп бар. Бирок учурда бул сөз төгүнгө чыгып калды. Себеби, чоң жарыштарда байталдар марага озуп келишүүдө. Алар айгырларга караганда жеңил, шайдоот келип, ыкчам болот. Байтал жарыштан бутун кокустатып алса, аны бээ катары пайдаланса жарашат. Ал эми асыл тукум айгырларды көздүн карегиндей сактап. өтө аяр мамиле кылабыз. Кыргызстандагы арзыбаган байге сайылган мелдештерге кымбат баалуу күлүктөрдү салуу өтө опурталдуу,-дейт Руслан Батыркулов.

Учурда кыргызстандык ишкерлер да асыл тукум күлүктөрдү сатып алышып, саяпкер жалдап таптатып, айрым жарыштарга кошуп жүрүшөт. Жогорку кеңештин депутаттары Аскар Салымбековдун, Камчыбек Жолдошбаевдин, Иса Өмүркуловдун асыл тукум күлүктөрү мөрөй алган учурлар бар.

Карапайып калктын мындай асыл тукум күлүктөрдү сатып алып, багууга чамасы жетпейт. Мындай күлүктөрдүн орточо баасы 10 миң америка долларына барабар. Казактандын президентинин кубогун уткан Жеңиш Батыркулов таптаган күлүктү 60-70 миң долларга сурап келгендер болгон.

Дагы бир таластык саяпкер Мелис Батыркулов болсо беш жылдык келишимдин негизинде АКШнын Лос-Анжелес шаарында күлүк таптап иштеп жүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG