Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Британияда “телефон жаңжалына” байланыштуу парламенттик угуулар өттү


Кечээ парламентарийлердин суроолоруна News Corporation компаниясынын башчысы, медиа-магнат Руперт Мердок, анын уулу Жеймс жана жакында жабылган News of the World гезитинин мурдагы редактору Ребекка Брукс жооп беришти.

Мердок бул күндү “анын намысына эң жаман сокку урулган күн” деп атады. Мердок да, анын уулу да өздөрүнө тиешелүү гезиттин кызматкерлери 4 миңдей адамдын телефонун мыйзамсыз тыңшап, керек болсо, түшкөн каттарды өз алдынча өчүрүшкөнүнөн кабардар болушпаганын айтышты.

"Мен ишенген адамдар – ысымдарын атабай эле коеюн – мени жана компанияны сатып кетишти. Ошон үчүн баарына ошол кишилер жооп бериши керек", - деген Мердок кызматтан кетпей турганын билдирди.

Бул күнү суроолорго жооп берүүгө полициянын мурдагы жетекчиси менен анын орун басары да келишти. Угуулар учурунда бир киши Мердокту сакал кырчу көбүк оролгон кагаз менен бетине чапканга аракет кылды. Аны полиция кармап кетти.

XS
SM
MD
LG