"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Украиналык дрондор бир аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Эмне үчүн украин армиясы Wildberries'ти бутага алууда?
Абакта ырайымсыз мамилеге кабылганын айткандар арасында саясатчылар Алга Кылычов, Темирлан Султанбеков, акын Аскат Жетиген бар. Кылычов ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилгенине даттанды. Жетиген камактагыларга адамгерчиликсиз жана кемсинткен мамиле жасаларын жазды.
Чехия жана Германияда өзбекстандык жарандар аралашкан кылмыштуу схемалардын бети ачылды. Мындай окуялар борбор азиялык эмгек мигранттарына кандай таасир этиши мүмкүн? Еврошаркет миграциялык саясатын күчөтүп жаткан маалда биримдикке иш издеп барган аймактын жарандары эмнеге көңүл бурууга тийиш?
Жылдар бою экономикалык санкциялар шартында жашап келген ирандыктардын дасторкону эч канчан нандан кемичү эмес. Азыр дээрлик 90 миллион калк жашаган өлкөдө абал өзгөрдү.
Орусияда бензин менен дизел тартыш болуп, чектөөлөр киргизилүүдө. Москванын агрессиясына кабылган Украина бир нече убакыттан бери орусиялык мунай иштеткен заводдорго соккуларын күчөткөн. Күйүүчү майдын ири бөлүгүн Орусиядан импорт кылган Кыргызстанда бул жаатта абал азыр кандай?
Социалдык тармактарда “Формула-1” деп аталган жарышты өткөрүүгө каршы чыгып, экологиялык кесепеттери болушу мүмкүн деп эскерткендер болууда. “Азаттык” эл аралык мелдешти уюштуруп жаткан H2O Racing уюмунун Жаңы рынокторду өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Паоло ди Жерманого бир нече суроо узатты.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат. Эл аралык мелдешти уюштуруп жаткан H2O Racing уюмунун жооптуу өкүлү Паоло ди Жермано "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат. Туризм департаменти бул иш-чара өлкөнүн эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын айтууда.
11-июнда АКШ президенти Дональд Трамп алдыдагы дем алыштарда Иран менен тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок Ирандын расмий өкүлү азырынча соңку чечим кабыл алына электигин айтты. Ошол эле маалда айрым маалымат каражаттары документтин долбоорун чыгарышты.
Бүгүн 11-июнда футбол күйөрмандары төрт жылдан бери күтүп жаткан дүйнө чемпионаты башталууда. Бул жолу катышуучулардын саны көбөйтүлүп, 48 улуттук команда ат салышмакчы. Беттешүүлөр үч өлкөдө, Мехикодон баштап Ванкуверге, Сан-Францискодон Нью-Йоркко чейинки шаарларда болот.
Армениядагы парламенттик шайлоодогу бюллетендердин жыйынтыгы Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы жеңгенин көрсөтүүдө.
7-июнда Арменияда парламенттик шайлоо болот. Бул жолку өнөктүккө өзгөчө көңүл бурулууда. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана КМШга мүчө болгон Ереван Еврошаркет менен жакындашуу жолуна түшкөнү Москванын кысымы күчөдү.
4-июнда Бээжиндеги Тяньаньмен аянтында студенттердин демократиячыл акциялары күч менен басылганына 37 жыл болду. Кытай бийлиги коммунисттик партияны төңкөрүү аракети деп сыпаттаган ал окуяны эскерүүгө тыюу салган. 1989-жылдын 4-июнунда канча киши каза тапканы да так айтылбайт.
ЖЖылдар бою Орусиянын орбитасында айланган Армения Еврошаркетке ыктаган сайын орусиялык бир катар саясатчылар армян жетекчилигин ачыктан ачык сындаган билдирүүлөрдү жасап жатышат. Армениянын бир катар продукциясына тыюу салынды. Ереван менен Москванын бул жолку тирешинин себеби эмнеде?
Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин жоругу бир катар өлкөлөрдө сынга кабылды. Ашынган оңчулдар партиясынын лидери Газага бараткан гуманитардык флотилиядагы активисттерди кемсинткен видеосунан улам бир нече мамлекет Израилдин элчилерин чакырып, нааразылыгын билдиришти.
20-майда Бээжинде Кытай жана Орусия президенттери бир катар келишимдерге кол койду. Си Цзиньпин менен Владимир Путин "Батыш үстөмдүк кылган" глобалдык түзүлүшкө каршы биргелешип туруштук бергенин көрсөтүүгө умтулат.
Ливан качан жана кандайча Жакынкы Чыгыштагы согушта экинчи фронтко айланды? 17-апрелде жарыяланган убактылуу элдешүүгө карабай Израил менен “Хезболланын" Ливандагы кармашы уланууда. 1948-жылдан бери расмий түрдө согуш абалындагы Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгабы?
Орус бийлиги бардык мамлекеттерди Киевден өз дипломаттарын чыгарып кетүүгө чакырды. Мындай чакырыкты эгер украин армиясы 9-майда Москвага сокку урса, сөзсүз жооп кайтарылат деп түшүндүрдү.
Израил менен Ливандын элчилери 23-апрелде Вашингтондо экинчи сүйлөшүүнү өткөргөнү жатат. 17-апрелде ок атышуу 10 күнгө токтойт деп макулдашылганы менен изарилдин армиясы – ЦАХАЛ эки айылды аткылаганы маалым болгон.
Ливан Израилдин жапырт бомбалоосунан бир күндө бери дегенде 254 киши өлгөнүн, 1000ден ашууну жарадар болгонун маалымдады. Израил 10 мүнөт ичинде «Хезболла» тобунун 100дөн ашуун командалык пунктуна сокку урганын билдирген. БУУ “жүздөгөн жайкын киши каза тапкан жана жарадар болгон” чабуулду айыптады.
Дагы жүктөңүз