Онлайн шерине
"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Орусияда абакта отурган борборазиялыктар Украинадагы согушка тартылып жатканы токтой элек.
Орусияда түрмөгө түшүп калган борборазиялыктарды Украинадагы согушка тартуу токтогон жок. “Согушка барып келдим” деген мигрант өзү туш болгон окуялар тууралуу айтып берди.
Бийлик коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн негизинде мамлекетке каражат, мүлктөрдү алууда алешемдик кеткенин мойнуна алды. Бирок ушул күнгө чейин кайтарылган акча, объекттер боюнча отчет бериле элек.
Түркиянын Анталия шаарында өткөн COP31 климат саммити негизги документ кабыл алынбай, чыр менен аяктады.
Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу солгундап калган сүйлөшүүлөрдү АКШнын кайра жандандыруу аракети согуш талаасынан алда канча алыс, Кремл дагы эле өзүнүн "тамаркасы" деп эсептеген, бир кезде Советтер Союзунун стратегиялык жактан маанилүү эки чөлкөмүндө да чочулоо жаратты.
Кыргыз бийлиги быйыл Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 295 жаранын которуп келгени маалым болду. Ошол эле учурда 53 кыргыз жаранына которууга уруксат берилген эмес.
Жапыкеев менен Суваналиев президент менен эмнени сүйлөштү? Шайлоого катышам деген айрым саясатчылардын президентке жолукканы суроолорду жаратты.
Абу-Дабидеги АКШ, Орусия жана Украина ортосундагы сүйлөшүүлөрдө расмий Москва «согушту жөнгө салуу боюнча өз шарттарында НАТОдон Украинада, Чыгыш Европада, Түштүк Кавказда жана Борбор Азияда аскердик ишмердүүлүгүн толук токтотууну талап кылганын» айрым басылмалар жазып чыкты.
Дүйнөдөгү эң ири чип өндүрүүчүлөрдүн бири Nvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг тыңчылыкка байланышкан жаңжалдан кийин кызматтан кетти. Дүйнөдөгү эң ири чип өндүрүүчүлөрдүн бири Nvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг тыңчылыкка байланышкан жаңжалдан кийин кызматтан кетти.
Президент Садыр Жапаров жарандарды насыя алууда каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, курулушка, турак-жайды оңдоп-түзөөгө банктан акча албоого чакырды. Анын Чүйдө эл менен жолугушууларында бул маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Кыргызстанда кымбатчылыктан улам насыя алгандар жылдан-жылга өсүүдө.
Кыргызстанда ушул апта президенттикке талапкер көрсөтүү жараяны аяктайт. Түркиянын Стамбул шаарында 35 жаштагы кыргызстандык Айжибек Нургазиева бычак жеп каза тапты. Польшада кол салуудан тогуз киши набыт болуп, 16 адам жаракат алды.
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, маркум Кубанычбек Капаловдун жакындары анын өлүмүнө байланыштуу ишти адилет тергөөнү суранууда. Алар тергөөдө айрым жагдайлар ачыкталбай, күмөн бойдон калып жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды.
Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, маркум Кубанычбек Капаловдун жакындары анын өлүмүнө байланыштуу иштин адилет тергелишин суранууда. Алар тергөөдө айрым жагдайлар ачыкталбай, күмөндүү учурлар көп болуп жатканын айтып, өлкө жетекчилигине жана "Азаттыкка" кайрылышты.
Мурдагы депутат Исхак Масалиев президенттике талапкерлигин көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Саясатчы Бектур Асанов да талапкерлигин коерун билдирди. Активист Тилекмат Кудайберген уулу кайрадан камакта калды.
Кыргызстан газ тармагын өзү башкара алабы? Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кабыл алган мыйзамдын тегерегинде талкуу жайылды. АКШдагы шайлоонун жыйынтыгын талдоочулар Трамптын саясатына берилген баа катары сыпаттап жатат.
Президент Жапаров “Газпром Кыргызстан” компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткарбаса, өкмөт аны Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып коёрун эскерткенин билдирди. "Кыргызгаздын" Орусиянын компаниясын өткөнүнө 12 жыл болду. Ортодогу келишим канчалык аткарылды?
Испанияда темир жол кырсыгында 69 киши каза таап, жүздөн ашык киши жарат алды. Кыргыз өкмөтү балыктын жеми, картөшкө, алма, кумшекер өңдүү товарлардын импортуна алты айлык чектөө киргизгени турат. Милиция Адахан Мадумаровго кол салуу тууралуу маалыматты четке какты.
Кыргызстанда пенсия курагындагы мектеп мугалимдерин жумуштан кетирип, ордуна жаш адистерди алып келүү демилгеси коомчулукта курч талкуу жаратты. Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөдү.
Президент Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы жолугушууларында эл эң көп көтөргөн маселе укук коргоо жана сот органдарына байланыштуу болду. Буга чейинки беш жылдыкта эмнеге реформа болгон жок?
Президент Садыр Жапаровдун жолугушууларында эл эң көп укук коргоо жана сот органдарынын үстүнөн даттанууда. Токмоктук тургундун "атасы жол инспекторуна 2000 сом пара берген деген айып менен эки жылга абакка кесилгенин" айтканы сот жана прокуратура системасына болгон талкууну күчөттү.
Дагы жүктөңүз