"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Москвадагы кыргыз дипломатынын үй-бүлөсүнө жасалган орой мамилени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айыптап, нота тапшырды. Мунун алдында орус полициясы элчиликтин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнүн эшигин бузуп кирип, күч колдонгону кабарланган.
Казакстанда селден улам 100 миңдей киши эвакуацияланды. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган. Бишкекте оор жүк ташуучу жана атайын техникалардын айдоочулары иш таштады.
Дүйнөлүк базарда алтындын баасы кымбаттап, тарыхтагы эң жогорку чегине жетти. Бул өзү өндүргөн алтынын сатып жаткан Кыргызстан үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат.
Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча жараян жыйынтыктоочу бөлүккө жакындады. Мамлекеттик айыптоочулар коюлган айып боюнча саясатчыны күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну өтүнүштү.
Жогорку Кеңеш сүттүн наркына байланыштуу токтом кабыл алып, бир литринин баасын “40 сомдон кем болбосун” деп бекитти. Бирок өкмөт муну сунуштама катары кабыл аларын билдирип, соңку чечимди рынокту изилдеп чыккандан кийин кабыл аларын маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы соңку нааразылык акцияларына байланыштуу билдирүү жасап, “мурдагы заманды эңсеп, митингге чыккандар болсо катуу чара көрүлөрүн” эскертти. Бул коомчулукта түрдүүчө чечмеленүүдө.
“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпромуна” сатылганына он жыл болду. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо сыяктуу маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.
Казакстандын өкмөтү Кыргызстанда сертификацияланган товарларга өз аймагында тыюу салууну сунуштады.
Орусиянын күчтөрү соңку суткада Украинанын аймактарына «Шахед» дрондору, зениттик жана канаттуу ракеталар менен 31 ирет сокку урду. Президент Садыр Жапаров Кызыл-Омполду иштетүүдө экологияга коркунуч жоктугун айтты. Казакстанда союз учурунда коюлган дагы бир нече конуштардын аттары өзгөртүлөт.
Кыргызстанда Кызыл-Омпол уран кенин казуу демилгеси талкууда. Бийлик кен казынага ири киреше алып келерин айтса, жергиликтүүлөрдү экология маселеси кооптондурууда. Орусияда абакта табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын сөөгү туугандарына бериле элек.
«Азаттык» Кызыл-Омпол кенинде кандай баалуу элементтер бар экенине кызыкты.
Бишкекте айрым көп кабаттуу үйлөргө жылуулук жакшы жетпей жатат. Тиешелүү органдар жылуулук берүү күн сууктагандан улам азайганын, басым кайра жогорулай турганын билдирди. Израил дүйнөлүк коомчулуктун Газадагы операцияны токтотуу талаптарына карабастан чабуулдарын улантууда.
Орус аскерлери Авдеевкадагы ири химиялык заводду толугу менен көзөмөлүнө алганын билдирди. Орусияда түрмөдө каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантат.
Бишкектин Жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, жабыркаган беш адамдын экөөнүн абалы оор. Израил армиясы Хан-Юнистеги операциясын жыйынтыктап, Рафах шаарында улантат. Бишкекте сот журналист-операторлор Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди жана Сапарбек Акунбековду шаардык камакта калтырды.
Быйыл 28-январда президент Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине толук үч жыл болду. Ал 2021-жылы 10-январда шайлоодон утуп чыгып, 28-январда инаугурациясы өткөн. Саясий жарышка Жапаров менен кошо дагы 17 киши катышып, бирөө шайлоого аз калганда талапкерликтен баш тарткан.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Екатеринбургда мигранттарга жасалган рейд маалында адамдын кадыр-баркына шек келтирген ыкмалардын колдонулушу боюнча Орусиянын бийлигине кайрылды.
Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Атайын кызмат аны чек арадан мыйзамсыз өткөн жана коңшу Өзбекстандагы кримтөбөл "Салимбай байбачага" жардам сурап, кат жазган деп айыптады. Эл өкүлү өзү кайда экени белгисиз.
Жазуучу Олжобай Шакирдин сотунда анын социалдык түйүндөргө жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган адис көрсөтмө берди. Газа тилкесинде согуш башталган үч айда 79 журналисттин өмүрү кыйылды. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында жаткан саясатчы Бектур Асанов ооруканага которула элек.
Дагы жүктөңүз