“Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.
Президент Садыр Жапаров эки аял алгандарды жазага тартуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Баткенде эл менен жолуккан учурда айтты. Кыргызстанда кош никеге турууга мыйзамдар жол бербейт.
Жасалма интеллект кыргыз коомунун күнүмдүк турмушуна тездик менен кирди. Маалымат даярдоо, контент жаратуу, бизнести автоматташтыруу ЖИсиз өтпөй калды. Коңшу Казакстанда атайын министрлик түзүлүп, мыйзамдар кабыл алынса, Кыргызстанда да бул багытты жөнгө салуу талкуусу жанданууда.
Адабият жаатындагы Нобел сыйлыгынын 2026-жылдагы лауреаты Энн Карсон болду. Стокгольмдагы Швед академиясы ага сыйлыкты классикалык адабияттын салттарын жаңычылдык менен колдонуп, заманбап адабиятта жаңы формаларды жаратканы үчүн ыйгарган.
Ушу күндөрү Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) түркологдордун эл аралык симпозиуму өтүп жатат. Анда азербайжан тилинин жана адабиятынын илимдеги орду, түрк тилдүүлөрдүн фольклору жана орток алфавит жөнүндө сөз болууда.
Марлен Маматалиев "парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген сөздөргө терикти. Спикер “мындан ары негизсиз дооматтарга" карата чара көрүлөрүн эскертти.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева өзүн мандаттан ажыратууну талап кылгандардын үстүнөн арыз жазганын билдирди. Ушу тапта аны мандаттан ажыратуу боюнча петицияга 30 миңден ашуун киши кол койду.
“Учкун” ачык акционердик коомунун директору Бакытбек Султанов кызматтан кетти. Президенттин иш башкармалыгына караган мекемени эми Илгиз Тапаев жетектейт. Окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда китеп чыры тутанган. Айрым ата-энелер мектепте жок окуу китептери базарда турганын айтып чыгышкан.
Кыргызстанда интернетте дин тууралуу контент даярдоо үчүн эми атайын күбөлүк талап кылынат. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жаңы эрежеси өткөн жумада белгилүү болду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2050-жылы жер жүзүндө улгайгандардын саны 22% көбөйүп, анын 80% кирешеси төмөн же орточо өлкөлөргө туура келерин билдирет. Бул Кыргызстанга дагы мүнөздүү көрүнүш.
Ногон Шумаров - Алтайдын салттуу кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру, этномузыкант, актер. "Азаттыктын" "Сыябан" көрсөтүүсүндө ал алтай жана кыргыз маданиятынын, тилинин, элдик ырым-жырым, ишенимдеринин окшоштуктары тууралуу кеп салды.
Активист Мавлян Аскарбековду Ленин райондук соту эки жылга кести. Ага чейин лингвистикалык экспертиза Аскарбековдун Фейсбуктагы постунда "улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар” деп тыянак чыгарган. Жарандык коом соңку жылдары бул экспертиза саясий куралга айланганын сындашууда.
Бишкекте “Манас жана Хатто”, “Манас жана Райхл” жана "Жаңы манасчынын тиби жаралдыбы?" аталыштагы үч китептин таанытымы өттү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университиндеги бул салтанаттуу иш-чарага илимий жана адабий чөйрөнүн бир катар өкүлдөрү, манасчылар катышты.
Саламаттык сактоо министрлиги балдарды эмдетүүгө чакырды. Министрлик балдар арасындагы кызамык сыяктуу жугуштуу ооруларды жайылтпоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бирок социалдык тармактарда эмдөөнүн айланасындагы курч талкуулар токтой элек.
Кыргызстанда 1989-жылдан тарта 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү катары белгиленет. 37 жыл ичинде эне тилди өнүктүрүү, мамлекеттик деңгээлде кеңири колдонууга жетишүү аракеттери жүрүп келүүдө. Бирок кыргыз тилине мамлекеттик мекемелердеги мамиле дайыма сын-пикирдин бутасында.
Ногон Шумаров Алтайдын белгилүү этномузыканты, кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру жана актер. Этномузыкант, музыка таануучу Бактыгүл Абди Жетиген андан жетиген жана аркайыкты чертүүнү үйрөнгөн. Алтай арфасы же жадаган үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү байыркы коргондон табылган аркайыкка окшош.
International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанда жарандык эркиндик чектелүү экенин белгиледи. Уюм УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга кысым уланып жатканына көңүл бурган.
Ысык-Көлгө калкыма үй, эллинг, балык чарбаларын курууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Экологдор бул долбоор кабыл алына турган болсо, оор кесепеттерге алып келерин айтышууда.
Бул көрүнүш бийликтин Матраимовго байланыштуу убадаларын, аттуу-баштуулардын моралдык жоопкерчилигин кайрадан эске салды. Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары казак бизнесмени Жакып Марабаев менен куда болгону айтылууда.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев мамлекетке 15 млн доллар төгүп берди. Атайын кызматтын маалыматында ал күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен келишим түзгөн.
Башкы көзөмөл органы билдиргендей, каза болгон бейтаптар гемодиализ алгандардын катарына кирип, айрым менчик медициналык клиникалар лицензиясында көрсөтүлгөндөн да көп адамды тейлеген.
Дагы жүктөңүз