Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Бийлик чоң сыноого тушукту


Ысык-Көлдө туристтик сезонго даярданып жаткандар Жети-Өгүздөгү окуяга тынчсызданууда, 1-июнь, 2013.
Ысык-Көлдө туристтик сезонго даярданып жаткандар Жети-Өгүздөгү окуяга тынчсызданууда, 1-июнь, 2013.

Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды жөнгө салуудагы өкмөттүн аракеттерин “Азаттык” арай көз чарай талкуулады.

Талкууга өкмөт Жети-Өгүз жана Жалал-Абад окуяларын эмне үчүн алдын ала алган жок, өкмөт жагдайды турукташтырып, сыноодон өтө алат деп ишенсе болобу, аймактарда бийликтин аброюн көтөрүү үчүн кандай чаралар керек деген өндүү суроолор коюлуп, ага мыйзамсыз аракеттер катталган аймактардан жооптор алынды.

Түз ободогу талкууга Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев жана “Реформа” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирсулжан Намазалиев катышты.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз



“Азаттык”: Азыр Жети-Өгүздө жана Жалал-Абадда мыйзамсыз аракеттер менен коштолгон нааразылык акциялары коомчулуктун назарын буруп турган чак. Жергиликтүү эле эмес, чет элдик маалымат каражаттары дагы бул өлкөдө бийлик барбы же жокпу деген суроону кырынан коюп, талкуулап жатышат. Чын эле бул окуялардын убагында басылбай, ырбап кетишине бийликтин чабалдыгы себеп болдубу? Бийлик күчсүз экенин далилдедиби?

Абдыманап Кутушев: Бул протесттик кыймыл-аракеттерде кандайдыр бир координация болуп жатканын көпчүлүк байкап эле атса керек. Бир эле убакта өлкөнүн Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында болуп жатканы тыштан координация болуп жаткандай сезим туудурат. А түгүл оппозициянын катарындагы белгилүү генералдардын бири Артур Медетбеков да каршылык акциялары тыштан координацияланып жана каржыланып жатат деп айтып атат.

Менин оюм деле ушуга жакын. Азыр Жалал-Абад менен Ысык-Көлдө эле эмес, башка райондордо да аракеттер болду да. Өкмөттүн өкүлдөрү айткандай, бир топ райондорго чабармандар барган, элди көтөргөнгө аракет кылышкан. Бирок эл негизинен бул акцияларды колдобой жатат. Ошондуктан чоң масштабдагы кеңири акциялар азыр боло элек. Жалал-Абад шаарынын тегерегинде жана Жети-Өгүз районунда гана болду.

Мирсулжан Намазалиев: Кыргызстанда болуп жаткан ар нерселерге эле тышкы күчтөр, үчүнчү күчтөрдүн тиешеси бар деп келебиз. Бул бийлик үчүн өтө эле ыңгайлуу. Тышкы күчтөр экен, эмне кылабыз деп, иш жабылып калышы деле мүмкүн. Бирок акцияларды кимдер, эмне үчүн уюштуруп жатканын көчөдө ар бир адам эле билет. Негизги бута Кумтөр, Жерүй эмес. Негизги бута - саясий оюндар, саясий орундар болуп жатат. Элди көтөрүп, көчөгө чыгарып, боз үй тиктирип, башка иштерди жасатып, алардын социалдык көйгөйлөрүн саясатташтырып, аны өзүнө колдонуп келатканын айтып эле келатышат. Тышкы күчтөр дегенге мен көп кошулбайм. Балким анын артында мурдагы бийликтин өкүлдөрү болушу мүмкүн, бирок, азыркы бийликтин мурдагы санаалаштары, чогуу бийликке келип, чогуу иштешкен адамдар экени айтылып эле жатат.

Биз сындаган маселе – жолду тосуу, электр энергиясын өчүрүү өңдүү мыйзамга дал келбеген иштер. Андай учурда өкмөт өзүнүн бар экендигин, жеке менчикти, адамдардын эркиндиктерин коргой ала тургандыгын көрсөтүшү керек. Эки-үч күн бою эле бул жакта (борбордо) жүрүштү, “парламент кийинки жумада жолугат, өкмөт бүрсүгүнү жолугат” деген сыяктууларды айтып, убакытты текке кетиришти.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG