Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

МУСТАФА ЧОКАЙ ЖӨНҮНДӨ КӨРКӨМ ТАСМАНЫН ЕВРОПАЛЫК БӨЛҮГҮ ТАРТЫЛЫП БҮТТҮ


15-августта Чехиянын баш калаасы Прагада казакстандык белгилүү режиссер Сатыбалды Нарымбетов баштаган чыгармачыл топ, Түркстан автономиясынын алгачкы төрагасы, Экинчи Дүйнөлүк согуштун алгачкы жылында Германияда сырдуу жагдайда каза тапкан Мустафа Чокай тууралуу фильмдин европалык бөлүгүн тартып бүттү. Бул көркөм фильмде башкы ролду кыргыздын жаш актеру Азиз Бейшеналиев аткарат. Фильмдин башкы операторлору да кыргыздар. Азиз Бейшеналиев “Азаттыктын” Прагадагы студиясына келип кетти.

Ошентип, Прагада “Мустафа Чокай” жөнүндө фильмди тартып бүтүштү. Алдыда эми Казакстанда да айрым сюжеттер боюнча иш бүткөндөн кийин, монтаж иштери башталат.

Азиз Бейшеналиев - кыргыз киносунун чоң жылдызы, Кыргызстандын эл артисти, актер Болот Бейшеналиевдин уулу. Ал бул фильмде баш каармандын, Мустафа Чокайдын ролун аткарат. Мустафа Чокай жөнүндө тарых барактары ар мезгилде ар башкача пикирлерди жазып келгени менен жаңы муундун элесинде ал баары бир өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту болуп калмакчы.

Бул тасмада кантип казактын көрүнүктүү уулдарынын бирин кыргыз актеру ойноп калганы жөнүндө Азиз Бейшеналиев өзү мындай айтты.

- Эки жыл мурда, биз Казакстанда “Көчмөндөр” фильмин тартып бүтүп калганда, мага режиссер Сакен ага (Сатыбалды Нарымбетов – автор) келип, мени Чокайдын ролун аткаруу үчүн сынап көрөөрүн айтып калды. Ал буга чейин менин сүрөтүмдү көргөн экен, атайы таанышайын деген максатта келиптир. Эки-үч күндөн кийин ал мага фильмдин ошол кездеги сценарийин көрсөтүп калды. Мен аны окуп, чынында тен бердим, мен Борбор Азиянын тарыхындагы ошол мезгил жөнүндө аз билчүмүн. Андан кийин ал киши жөнүндө интернетте да көп материалдарды таап окуганга мүмкүн болду. Көрсө, ал тууралуу кайчы пикирлер көп экен. Бирок мен үчүн соңку 15 жылда жарык көргөн макалалар кызыктуураак көрүндү. Ошентип, бир жыл мурда биз тасманы тарта баштадык. Эми, буюрса, аны ийгиликтүү бүтүрөбүз го деп ишенем. Анткени бул, менимче, жалпы эле Борбор Азия үчүн чоң эмгек болот.

Актер үчүн тигил же бул тарыхый инсандын ролун кантип аткаруу тууралуу суроого жооп берүү кыйын. Азиздин айтымында, Мустафа Чокайды ойноо үчүн ага жеке өзүнүн адамдык сапаттарына кайрылып көрүүгө туура келди.

- Менин бир актер досум: “Ар бир эле адамда баардык сапаттар, коркоктук да, жек-көрүүчүлүк да, боорукердик да, эрдик да бар”,- деп айтып калчу. “Жөн гана аларды керектүү учурда эстеп, аны кайра жашап өтүүгө же, жок дегенде, көрсөтүүгө үйрөнүш керек” дечү. Мында техникалык жактары да көп. Албетте, менин жеке жашоомдогу тажрыйбамды Мустафа Чокайдыкы менин салыштырып болбос, андыктан мен аны ойноп жатып, сценарий боюнча керектүү жерде өзүмдүн жеке сезимдериме, сапаттарыма кайрылууга аракет кылдым. Бул канчалык деңгээлде ишенимдүү, канчалык чындыкка окшош болгонун айтуу кыйын. Анын жыйынтыгы кандай болоорун билбейм. Бизде, киночулар арасында, бир сөз бар: “экран өзү көрсөтөт” деп коюшат. Ага чейин өзүңдү да, башкаларды да уруша беришиң мүмкүн же өзүң тууралуу жакшы да, жаман да сөз уга бересиң, бирок иштин жыйынтыгына бул эч таасир этпейт. Андыктан, баарын экран өзү көрсөтөт, мен билбейм, - дейт Азиз.

Ошентип, казакстандык режиссер Сатыбалды Нарымбетов жетектеген чыгармачыл топ Прагада фильмдин европалык бөлүгүн бүтүрүштү. Эми жакында кайра Казакстанда айрым башка сюжеттер боюнча иш болот. Ал эми Мустафанын ролундагы кыргыз актеру Азиз Бейшеналиевди жакынкы мезгилдерде, балким, кыргызстандык тасмалардан да көрүп калышыбыз мүмкүн.

Төрөкул Дооров, Прага
XS
SM
MD
LG