Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:26

Кыргызстан

Эдил Байсалов: Акаевдин бийлиги кулаганда ким сүйүнгөн жок?

Эдил Байсалов - “март ыңкылабындагы” негизги фигуралардын бири. Ал учурда Байсалов 170 бейөкмөт уюмдун башын бириктирген Ассоциацияны жетектечү. Бүгүн эми ал өлкөдөн качып, чет мамлекетте баш калкалоого муктаж болуп турган чагы.

Эдил Байсалов Бакиевге каршы митингде, 2006-жыл ноябрь
Текст көлөмү - +
Төрөкул Дооров: -“Ыңкылап өз балдарынын боорун жей баштады” деп айтып калышат. Сиз да учурунда 24-марттагы окуялардын болушуна чоң салым коштуңуз эле. Бүгүн эми өлкөдөн качып, жашырынып жүргөнгө мажбур болуп олтурасыз. Ыңкылапты жасаганыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү?

Эдил Байсалов: - Жок. Биз акты ак, караны кара деп айтып турганыбызга эмнеге өкүнүшүбүз керек? Акаев азыр ичип-жеп, жыргап жүргөн чиновниктердин “чоң-атасы” болчу. К.Бакиев да азыр эми “Акаевдин эң сүйүктүү окуучусуна айланып”, анын ишин улантып жатат. Биз ошондо болгонун болгондой айтып турганбыз. Ыңкылапка аз эле убакыт калганда Бакиевге куугунттук болуп, Жаныш Бакиевди “акча жасады”, “көз боемочулук кылды” дегенде, ага каршы оюбузду билдирип турдук эле. Биз ага эмнеге өкүнмөк элек?

Төрөкул Дооров: - Бирок эми арадан төрт жыл өтүп, азыр абал кайра эле ошол март окуяларынын алдындагы кырдаалды кайталап жаткандай. Азыр да оппозиция жазында эл толкуйт, демонстрациялар болот деп жатат. Чын эле ошондой болот деп ойлойсузбу? Ага негиз барбы?

24-марттагы жоогазын ыңкылабы
Эдил Байсалов:
- Саясатта негизи мындай толкундоолор эч качан токтобойт. Эл деле жашоо жакшырса экен, бийлик таза болуп, чындык, акыйкаттык орносо экен деп тилейт. Кылымдардан бери ушул үчүн күрөш жүрүп келген. 24-март окуялары кайталанышы мүмкүн, азыр бийлик да аны сезип турат. Бирок азыр кеп анда эмес. Ошол ыңкылаптан бери эмне туура эмес жасалды? Кандай катачылык кетти? Ошону ойлонушубуз керек. Ыңкылапты кайталап коюш оңой эле. Биз Акаевдей Кыргыз Республикасын түптөгөн килейген инсанды Москвага кууп чыктык, анын алдында Бакиев ким эле? Аны деле кууп чыгуу кыйын эмес. Бирок негизги суроо бир адамды экинчиси менен алмаштырып коюуда эмес, жалпы системаны алмаштырып, аны жаңыртууда болуп жатат.

Төрөкул Дооров: - 2005-жылдагы окуялардан кийин өлкө башына келген бийликтин негизги кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?

Эдил Байсалов: - Калп айтууда. Анткени Курманбек Бакиев “Мен таза бийлик курам, үй-бүлөмдүн мүчөлөрү коррупцияга малынбайт” деген эле. Буга элдин баары, анын арасында биз да, ишенгенбиз. Адам болгондон кийин, бири-бирибизге ишеним менен жашабасак болбойт экен. Ишенет экенбиз. Бирок ал ошол ишенимди актабай, өзү берген антын бузду. Азыр эми айрымдар “Ушул 24-март жакшылыкка алып келбесин мурдатан эле билгем” деп айтып жатышат. Бирок мен жалпы элден сурагым келет: 24-мартта түштөн кийин “Акаевдин бийлиги кулады” дегенге кайсыл кыргыз сүйүнгөн эмес? Баарыбыз эле сүйүнбөдүк беле? Биз өз тагдырыбызды колуна берген киши эми антын бузуп олтурат. Эмне дей алмакпыз. Эң негизгиси – жаңы келе турган бийлик ыңкылаптан кийин кабыл алынган баардык Конституцияларды, андан кийин түзүлгөн легитимсиз парламент кабыл алган баардык мыйзамдарды жокко чыгарышыбыз керек да, керек болсо, 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтышыбыз керек. Бири-бирибизге ишеним менен гана чектелбей, системаны таза Конституциянын негизинде түзүшүбүз шарт.

Төрөкул Дооров: - Эдил, сиз азыр “ишеним” деген өтө бир маанилүү нерсе жөнүндө айтып кеттиңиз. Эларалык да, жергиликтүү да байкоочулар азыр кыргыз оппозициясында лидер кризиси бар экенин айтып жүрүшөт. Сиз өзүңүз бүгүнкү оппозицияда кимге ишеним артат элеңиз? Андай адам деги барбы?

Эдил Байсалов: - Бар. Ишене турган адамдар бар. Тээ “перестройка” учурунда эле килейген Советтер Союзунун чечимдерине каршылык билдирип, “легендарлуу парламентте” да кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп, анда активдүү иштегендер, кийин Акаевдин коррупциячыл саясатын сындап, Бакиев премьер-министр, губернатор болуп жүргөндө эле анын да ишин сындап жүргөн адамдардын ичинен Өмүрбек Текебаевди айта алам. Эмне үчүн биз Текебаевге ишене албайбыз? Ишенүүгө болот.

Анын жанында эле СССРдин тушунда чоң министр, элчи болуп, Э.Шеварнадзе, М.Горбачевдун жанында жүргөн Роза Отунбаева деген адам бар. Ал - жалпы дүйнөгө белгилүү инсан. Ал киши канча жыл министр болуп жүргөнүнө карабай, жөнөкөй эле колхоздун төрагасыныкындай мүлкү жок. Эмне үчүн ага ишенбейбиз? Эмне үчүн, мисалы, Бакыт Бешимовго ишенбейбиз? Биз көзүбүздү жакшылап тазалап туруп карасак, таза лидерлер бар. Биз байларга эмес, бүгүн бирди айтып, эртең анысын тангандарга, өз оюн ачык айта албаган коркокторго эмес, Бакиевге окшоп антын бузган митаам адамдарга эмес, таза адамдарга ишенибиз керек.

Төрөкул Дооров: - Сиз 2005-жылдын 24-мартында Франциянын “Liberation” басылмасына курган маегиңизде эртеңкиге чоң үмүт байлап, позитивдүү дем менен өтө көтөрүңкү маанайда сүйлөгөн экенсиз. Быйыл 25-мартты кандай маанайда тосуп аласыз?

24-мартта демонстранттар өкмөт үйүн чабуул менен алышкан
Эдил Байсалов: - 
Биз азыр ал окуяларды “ыңкылап” дейбизби, “революция” дейбизби, 1991-жылдын 31-августу Кыргызстан үчүн кандай дата болсо, бул күн да ошондой эле мааниге ээ. Бул баарыбыз үчүн терең ойлоно турган күн. Ошол күнү Акаевдин бийлиги кулаганына баарыбыз сүйүнүп, эми жаңы бийлик орнойт, акыйкаттык орнойт деп ойлогонбуз. Азыр эми бири-бирибизди каралап, “сен мындай кылгансың, ал тигиндей кылган” деп олтура бергенде болбойт. Кеп ошол ыңкылапта ким эмне кылганында эмес, кеп ошол эле Акаевдин учурунда аны айга-күнгө теңеп жүргөндөрдүн бири да жоопкерчиликке тартылбаганында, кеп Бакиевдер мурдагы бийлик учурунда алган тажрыйбасын колдонуп, байлыгын азыр андан да көбөйтүп жатканында. Маселе революцияны жасаган элде эмес, анын шарапатын көрүп, бүгүн кайра элдин түбүнө жетип жаткандарда.

Төрөкул Дооров: - Эдил, сиз дале менин суроомо жооп бере элексиз. Сиз быйыл 24-мартты кандай маанайда тосуп аласыз? Көңүл калуу, таарыныч бардай туюлат.

Эдил Байсалов:  - Жок. Кадимки эле физикадагыдай, тарыхта да өзүнүн социалдык мыйзамдары бар. Менин оюмча, биздин республика өсүп-өнүгүп жатат. Элдин аң-сезими жогорулап жатат. Биз - кичинекей эле мамлекетпиз. Чоң мамлекеттик тажрыйбабыз деле жок. Ошондуктан бул окуя биз үчүн үлкөн сабак болду. Эми келечекте ал окуялар кайталанабы-жокпу – биз андан алган сабакты пайдаланышыбыз керек.

Төрөкул Дооров: - Сиз азыр эмне иш менен алектенип жүрөсүз?

Эдил Байсалов:  - Мен Швецияда саясат жаатында өзүмдүн билимимди тереңдетип, диссертациялык эмгегимди жазып жатам. Кыргызстандагы окуяларга да байкоо салып, ал жактагы коомдук ишмерлер, журналисттер менен байланышып, бул жактагы аналитиктер менен талкуулап турам.

Төрөкул Дооров: - Биз сизди Кыргызстандын жаңы тарыхы жөнүндө китеп жазып жатат деп уктук?

Эдил Байсалов: - Ал китеп бир эле күндө жазылып калбайт экен. Ойлосом, өзүбүз да китеп чыгарбай калыптырбыз. Өзүбүздүн тарыхты, ага карата аналитикалык ойлорду Москвадан чыккан басылмалар аркылуу гана билип жатабыз. Кыргызстанын өзүндөгү мезгилдүү басылмаларда окуяларга карата үстүртөн гана назар салынат, терең анализ жасалбайт. Андыктан эмне болуп жатканыбызды өзүбүз да жакшы аңдабай эле калыптырбыз. Ошондуктан мен бир топ саясатчылар менен кеңешип, биргеликте жаш муун үчүн китеп чыгаралы деп жатабыз. Анткени азыр коомдун турмушуна активдүү кире турган 25-30 жаштагы адамдардын “легендардуу парламенттин” дебаттарын, Конституциялык реформа боюнча дебаттарды, ал учурдагы атактуу инсандардын эмгектерин, Аксы окуясын түшүнбөгөн мууну жетилип калыптыр. Ошолорго арнап, текст жазып жатабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: nurkamal каяктан: austria
23.03.2009 04:23
A deibiz, bu deibiz, baary bir bijlikke basch ijebiz. Ijbeseng erteng mamleketten kachuuga tuura kelet. Kacha albai kalsang abak bar. Kyrgyzda ne arman bar. Avtoritardyk bijiliktin doorunda jyrgap kuunap basch kotorboi gana jaschoo bar. Bolboso erteng gaz menen bursugunu myntyk menen andan arky kunu keltek, tezek ii koichu degi koluna ne tijse oschonu menen gana jeibiz.

кимден: Туптук каяктан: Кан Тенири
19.03.2009 21:49
Таза адамдар..ж.б.у.с. айтып жатат. Таза адамдарды айырмалоо үчүн көрөгөч болуу керек. Чындыкты, актыкты түшүнүү үчүн улуу адам болуу керек. Эдил ошондойбу? Албетте ал болгону көөдөнүн урган жаш бала. Кечээ Бакиевге ишениптир, бүгүн буга тигиге ишенет имиш. Алар бийликке келсе эмне кылат? Айырмасы барбы? Менин терең ишенимимде элди алдыга баштай турган буга окшогон балдар эмес, Чыңгыз Айтматовго окшоп анын жаш кезиндегидей каржалып жүргөн карапайым жаштардын арасында. Аларга мүмкүнчүлүк ачуу керек!!

кимден: taanysh
13.03.2009 03:44
Edil Baisalovdu siylaim, aitkandary tuura. Birok beitaanyshtyn aitkan sozdoru 100 procent dep oiloim, azyr kimge isheneerin dele belgisiz. Kachan vlast'ka kelip ondop jibergende kana ishenbesen. Birok ar bir jash muun ozunun azyrky uchurda emne jumush kylsa oshonu tak atkaryp mamleketke salymyn koshso ele onolot kuday buyrusa degen ishenichtemin.

кимден: beitaanysh
11.03.2009 22:01
Edil Baisalaovdu negizi ishtegeni kilgan araketi adamda bolo turgan bir sipatti bildiret... Birok mindai bir nerse tuulat. Ooba azir Jash Kadrlar kerek, balkim Edilge okshop kuiup bishkan er azamattar. Birok bizdin jashtar kimder tarabinan tarbiyalanip jatat. Misali Edil Baisalaov USAnin oi pikirlerine dal kelgen, al jakti jaktagan sayasatchy dep taanyim. Negizi ele oshondoi. A bizdin Kirgizstanga kaisy bir mamlekettin oi pikiri mene emes, Ozubuzdun Ruhaniy bailiktardin negizinde jetilgen er azamattar kerek. Albette azirki biyliktegilerdei emes. Men Baisalovdun emgegin baalaim. Birok ortodo anin arkasinda turgan adamdardi korup, ani Kyrgyzstandyn kelechegine kosho turgan salimin koralbadim. Bizge biyliktegilerden da, oppozitsiyadan da bashka er azamattar kerek. Balkim otkondo "Jumurtka" degen okurman aitkandai "Jangy Muun" jangy adamdar menen ele kelet okshoit. Palagdy jumurtkalardan jojo bolboit degeni angyz kep eken.

кимден: Aikan каяктан: Turkie
11.03.2009 09:50
Edil, koldon kelishinche alystan bolso da salym koshup tura alsangar ele boldu. Azyrky uchurda kelbegeninger ele ong. Iygilik okuungarga!

кимден: Nurbek каяктан: Bishkek
09.03.2009 22:24
Edil, siz kachan kaira kelem dep oiloisuz? Keede sizdei er juroktor bizge jetishpei atkany baikalat. Kopchuluk jash sayasatchylar bat ele satylyp ketishet. A, menin baikashymcha siz andaiga barbaisyz! Sizder adamdar azyrky uchurlarda kerek bolup atat.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)