Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:41

Кыргызстан

Москва маалыматтык чабуул жасап жатабы?

Орусия маалымат каражаттары соңку күндөрү Кыргызстандын президенти жана үй-бүлөсү тууралуу катуу сындаган маалыматтарды бере башташты. Ага чейин эле Орусия менен Кыргызстандын мамилеси кыйла эле салкындап кеткени айтыла баштаган болчу. Эки өлкө мамилесинин салкындашын президенттин кичүү уулунун ишмердүүлүгү менен да байланыштырып жүрүшөт. Деги эки өлкө ортосун кайсы кара мышык аралады?

Текст көлөмү - +
Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу, каржылык көз боёмочулуктар тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары былтыр күздөн бери маалымат тарката баштаган. Башында андай маалыматтар Орусиянын айрым интернет сайттарында гана чыгып келсе, соңку кездери Орусиянын “Вести”, “НТВ” сыяктуу ири телеканалдары баш болуп Кыргызстандын президенти жана анын үй-бүлөсү тууралуу курч берүүлөрдү байма-бай бере башташты.
Чынында эле Орусия менен Кыргызстандын мамилеси бир аз солгундай түштү. Т.Акеров


Орусиянын маалыматтык чабуулу “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичтин чатагынан кийин күч алды. Римдик судья Е.Гуревичти эл аралык кылмыштуу топко кошулуп, Италиядан 2,5 миллиард долларга жакын акчаны чыгарып кетишкенин айтып, аны кармоого санкция берген эле. Ал маалыматтан кийин өлкөдө кыйла эле талаш-тартыш жүрүп, Өнүктүрүү фонду шаша-буша “MGN group” менен байланышын үзгөн. Кыргыз оппозициясы да өз айыптоолорунун тизмесине “ бийликтин эл аралык мафияга тиешеси бар” дегенди кошушту.

Негизинен Орусия маалымат каражаттары Кыргызстандын президенти үй-бүлөлүк башкарууга жол бергенин, президент К.Бакиевдин кичүү уулу өлкөдөгү эң эле күчтүү адамга айланганын, өлкө байлыктары таланып-тонолуп атканын, Кыргызстан жарандык толкундоолор алдында турганын айтышууда.

Бишкекке иш сапары менен келген ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа болсо, кыргыз-орус мамилесинде салкындоо жок экенин, орусиялык маалымат каражаттарынан кыргыз элине каршы эч нерсе көрбөгөнүн баса белгиледи.
Табылды Акеров

Ошентсе да бир катар саясат талдоочулар жогорудагыдай маалыматтардын күчөшүнүн себеби ырасмий Москва менен Бишкектин алакасынын салкындаганын дагы бир жолу далилдеди дешет. Маселен, саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, Кремль өнөктөштөрү тууралуу көптөгөн сын маалыматтардын бир убакта чыгышына жол бербейт болчу. Демек, алардын капа болгон жайы бар:

- Чынында эле Орусия менен Кыргызстандын мамилеси бир аз солгундай түштү. Себеп дегенде буга Орусиядан алынган кредит да себеп болду. Анткени ал өкмөттүн кепилдиги менен алынып, бирок коммерциялык банктарда айланып атканына орусиялыктар каршы болуп атат. Экинчиден, биздин бийлик АКШнын аба базасын Орусиядан да, Кыргызстандан да чыгарабыз деп айтып коюп, чыгарган жок. Бул да Москваны капа кылды. Анан дагы бир себеп, акыркы кездери Кыргызстандагы башка журналисттер менен катар орус журналисттер да сабалып, айрымдары өлүп кетти. Анан орусиялык журналисттер калемдеши катары, тилектештикти билдирүү иретинде Кыргызстан тууралуу сын айта башташты.
Мен ошол орусиялык маалымат каражаттары тараткан маалыматтарды көрүп, күлүп гана тим болдум. Анткени ал жерде жалган нерселер айтылып атат.
Б.Наргозуев
 
 
 


Жогорку Кеңеш депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин айтымында, Орусия-Кыргызстан алакасы учурда мурдагыдай эле бекем. Бирок кеээде өлкөлөр арасында анча-мынча түшүнбөстүктөр да болушу мүмкүн. Орусиянын маалымат каражаттары тараткан каралаган маалыматтар ошондой түшүнбөстүктөрдү жаратат:
Бегалы Наргозуев

- Мен ошол орусиялык маалымат каражаттары тараткан маалыматтарды көрүп, күлүп гана тим болдум. Анткени ал жерде жалган нерселер айтылып атат. Чынында муну кандайдыр бир күчтөрдүн атайын жасаган чагымы катары түшүндүм. Орусия менен биздин мамиле жакшы экенин мына мобу Н.Бордюжанын келип кеткени күбө болуп турат. Бирок Орусиянын өзүндө деле өткөндө курултайда президент айткандай, биз менен мамилени жакшы түзгүсү келбеген күчтөр болушу мүмкүн. Ошондой күчтөр жасаган чагымчылык иш катары карайм мен булардын баарын.

Айта кетсек, президент Курманбек Бакиев да Ынтымак курултайы учурунда сөз сүйлөп атып кайсы бир күчтөр жалган, ушак маалыматтарды таратууга кызыктар экенин, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен бирдей мамиле кыларын баса белгилеген. Анан калса бир эле учурда бир катар орусиялык ири маалымат каражаттарынын президент К.Бакиевдин бийлиги тууралуу сын маалымат тарата баштоолору күдүк ойлорду жаратууда.

Бул макала даяр болуп калганда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кээ бир орусиялык массалык маалымат каражаттарындагы кыргыз бийлигин сындаган материалдар үчүн Орусияга нота тапшырганы кабарланды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Сабыр каяктан: Бишкек
31.03.2010 18:16
Эмне үчүн Орусия Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн байма-бай эми сындап атат? А эгер Бакиев убаданы аткарып Американын базасын Манастан чыгарып ийгенде не болот эле? Анда сындайт беле же "акчаны эмне кылсаң ошо кыл" деп коет беле? Бакиев шайлоолорду бурмалап парламентти шайлаганда, өзү да бурмаланып шайланганда, Америка менен Европа гана "мындай бурмаланган шайлоону тааныбайбыз" дебедиби, а Россия "мыкты" шайлоо болду дегени эстен чыга электир. Айтор, Россиянын анык максатын абайлап түшүнбөсөк, дагы бир капканга түшүп калышыбыз мүмкүн. "Орус менен дос болсоң, ай балтаңды ала жүр" - деп ата-бабалар бекер айтпаса керек.

кимден: Мелис каяктан: Аксы
30.03.2010 19:52
Эми орустардын ртр каналы мамлекеттик канал андан кеткен соң бул бир орустардын башкаруучусу тарабынан атайын чыгарылган болуш керек, орустарга Максимдин командасы менимче Бакиев өзү деле көп жакпайт ко... Бордюжа дипломаттык тил менен жакшы деп койотда чынында орустардын лөктөрү эч кандай билдирүү жазаган жок

кимден: RobinguD каяктан: Turkiya
30.03.2010 18:29
Ex,atasynyn koru dunuyo.Biylik degen uwul da,jaginbasan,kowomat4ylyk kylbasan je jumuwundan ketet,je jetim oktun ayinan jer tubuno.Bakiev dele korkot da Orustardan.Aytkanin ooozunan 4ygarbay jasayt."Ak-jol4ular" koldop beret,iwke awa beret.Akirette kanday joop beriwet bilbeym.Kymynday nerse u4un kan4a surak boloot.Anan eldi aldaganynar u4un bilbeym,Kudayim ynsap,yiman ber bul biyliktegilerge.

кимден: Бек каяктан: Бишкек
30.03.2010 15:39
Азыр Ак Уй, Кок Уйдо жалган,калп айтуу мода! Анан эмне Бегаалы чындыкты айтам деп, мандаттан айрылсынбы? Тушунгуло да кыкелер. Ажо деле каратып туруп, ышкыртып атат. А Д.Усоновду айтпай эле койдум. Илгерки Алдар Косо акебиз булардын алдында жаш балакай эле болуп калды....

кимден: CHORO каяктан: Moscow
30.03.2010 15:24
Б. Наргозуев ПОЗОР, ПОЗОР, ПОЗОР!!! Каратып туруп акты көк деп атасыз! Сиздин күлкүңүз эмес, менин күлкүм келип атат сизге. Сизге окшогондордун айынан кыргызстан сазга батып баратат!!! Элди маңкурт ойлойсуңарбы, азыркы туруксуз өкмөт! Кудайды карасаңар боло!!!

кимден: Куйуп ортонгон кыргыз каяктан: Москва
30.03.2010 14:43
Биздин чондордо такыр уят деген калбаптыр негизи. Бул орус маалымат каражатары, бир нерсеге таянып анан фактыга таянып айтып жатса керек. Курултайда Курманбек Бакиев айты эле бизде ушак таркаткан, ушак институту бар деп. Бул созун россия телеканалдары ушак эмес эле факт кылып айтып койду. Бизге ушинтип айтып турганы дагы жакшы болот. Себеби калайык калк чындыкты билбей олтурушат. Дагы кообурок берип турушсун демекчимин. Ошондо жетинчи кабатта олтургандар кичине болсо да ойгонушар.

кимден: Досмат каяктан: Москва
30.03.2010 14:04
Бегалы дос кожоюндарына көп эле жагалданып жасакерлене бербе. Ар кимдин жооп берчү учуру келет. Бегалы абийр таппайсың ушул бийлик менен. Артына кылчайып ойлон, өзүң улут деген жигиттерден элең. Акча менен таасирдин анан болбогон бир мандаттын айынан өтө эле паска түшө бербе. Эртең дагы учурашкыдай бололу дос. Телефонуна чалып ала албай койдум.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
30.03.2010 14:00
Б.Наргозуев кошоматчынын сөзүн сүйлөптүр. Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт. Адам баласы да ушунчалык төмөн түшөбү?! Наргозуевдин ою боюнча КЫРГЫЗ ЭЛИ Швецариядагыдай жашап атса керек. Кремльдагыларга теңеле албайт, азыркы биздин өкмөт. Д. Үсөнов келгенде орусияга, аны орустар теңине алган жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.03.2010 12:41
Bakiev, Narkozuev, orustar aydan achik jamandap jatsa dele anday jerse jok dep karatip turup aldaysinargo siler, uyat kalgan emesko, siler kaysi kanaldardi korosunor ozu???

кимден: Мелис каяктан: Бишкек
30.03.2010 12:27
Наргозуев кулуп эле отурам дегени-бул менин ишим жакшы,калганы эмне болсо ошол болсун дегени! Мейли азыр бийликтик депутатсын,бул мезгил да отот.Бирок калп айтуунун да чеги бар да,Бегаалы!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)