Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:47

Эркиндик

“Азаттыкты" обого чыгаргыла!

“Азаттыкты” коргоо кыймылы менен СДПК партиясы Бишкекте ЕККУнун борборунун жанында пикет өткөрүп, "Азаттыктын" үналгы программаларын обого чыгарууну кыргыз бийлигинен талап кылышты. Баш калаада жана айрым облустарда бийликтин жасаган кысымдарынан кийин «Азаттык» үналгысынын программалары чыкпай калганына коомчулук кабатыр болуп жатат.

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Акциянын катышуучулары “Азаттыкка" – азаттык", “Руки прочь от правды”, “Азаттык обого чыксын”, “Баардыгынын оозун баса албайсың”,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап чыгышты.

Акцияга Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина, “Ак шумкар” партиясынын лидери Т.Сариев,“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаев жана башка саясатчылар, укук коргоочулар, “Азаттыктын” угарман жана окурман күйөрмандары, журналисттер катышты.

БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев 2005-жылы мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин "Азаттыкка маалымат айдыңында уттурдук",-дегенин эске салып, азыркы бийлик дагы мурдагы бийликтин каталарын кайталап, сөз эркиндигине кысым жасап жатканын белгиледи.

Баш калаада жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына коомчулук кабатыр болуп, каршылык билдирип жатат.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилан Дарий пикетте тургандарга чыгып, ЕККУ "Азаттыктын" берүүлөрү кабылган тоскоолдуктар  жөнүндө маселе каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, аталган эл аралык уюм Кыргызстанда “Азаттыктын” уктурулбай калышы, бир катар интернет сайттардын ачылбай жатышы боюнча кырдаалга байкоо салып турат.

Бул тууралуу билдирүү таратуу маселеси азыр ЕККУнун баш кеңсесинде каралууда. Л. Дарий “Азаттыктын” жетекчилиги менен кыргыз бийлиги бир пикирге келишет деген үмүтү бар экенин айтып, "Азаттыкты" уктурууну демократиянын талабы деп билдирди.

Жогорку Кеңештин СДП фракциясы бүгүн билдирүү таратып, “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жатканына, “Фергана.ру”, “Центразия.ру”, “Аzattyk.kg”, “Белый парус”, “Живой журнал” интернет басылмалардын ачылбай жатканына тынчсыздануу билдирди.

"Азаттык” үналгысын ободон чыгарууну, жогорудагы интернет-басылмаларга бөгөт коюну, сөз эркиндигин жана басылмаларды “муунтканды” токтотууну бийликтен талап кылды.
 
“Кыргыз өкмөтү айрым учурда маалымат каражаттарынын эркиндигин жактыра бербейт,- дейт Эркин Европа/Азаттыктын президенти Жефри Гедмин соңку жасаган билдирүүсүндө. - Бул инцидент кыргыз өкмөтүнүн эркин, ар тараптуу, көз карандысыз маалымат алууга бөгөт коюу аракети. Тилекке каршы, Фридом Хаустун соңку “Дүйнөдөгү эркиндик” деген аталыштагы баяндамасында айтылгандай, абал терс жагына ооп баратат.”

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган адам укуктары боюнча жылдык баяндамада Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндигин мыйзам кепилдеген менен өкмөт иш жүзүндө бул укуктарды журналисттерди коркутуу жана обого чыгуу укуктарын бузуу аркылуу басмырлап жатканы айтылат.

Эркин Европа/Азаттык тушуккан кыйынчылыктар Кыргызстанда азыр эле пайда боло калган жок. 2008-жылы Кыргызстандын мамлекеттик телерадио компаниясы (УТРК) “Азаттык” үналгысынын программаларын обого чыгарууну токтотуп, аны мазмуну “өтө негативдүү жана сынчыл” болгону менен байланыштырган.

Кийинчерээк УТРК кайра кызматташууну сунуштап, бирок “Азаттык” үналгысынын программаларын расмий бийлик тараптан алдын-ала жактыруудан өткөрүп туруу шартын койгон. Эркин Европа/Азаттык бул сунушту четке каккан. 

Эркин Европа/Азаттыктын обого чыккан программалары Жоогазын ыңкылабынын беш жылдыгын утурлаган толкундоолор, нааразылык акциялары башталарына саналуу күндөр калганда токтотулду. 

“Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн көрсөтүүнү “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы 10-мартта токтоткон, ал эми үналгы берүүлөрдү “Окей” радиосу 11-марттан, “Алмаз-Нарын” радиосу 12-марттан тарта уктурбай калышты. Ошол эле учурда Ош, Талас, Баткен, Токмок сыяктуу шаарларда жергиликтүү радиолор “Азаттыктын” берүүлөрүн уктурууну улантып жатышат.



Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Министр каяктан: БД
15.03.2010 22:50
Эмнеге обого чыгарышыбыз керек? Элге көп чындыктын кереги жок!!!

кимден: Qwerty1 каяктан: World
15.03.2010 21:05
Азаттык калды эми бийлик тийбеген!!! Барып сурасан,билбепбиз,укпапбыз дешет,кашайтып.Ай,бийликтегилер-эртен душмандар Кыргызстанга кол салып,шаарларын ээлеп алса да билбеппиз,укпаппыз деп отура берет окшойсунар бул турунордо.Жалган айтыштын да чеги болотко эй,байбачалар!!! Мындай эч нерсени билбеген бийликтин кимге кереги бар,айткылачы жердештер?...

кимден: Известняк каяктан: россия
15.03.2010 20:42
Азаттыкка Азаттык Рахмат Азаттыктын кызматкерлерине ..Аз күндө Россиянын кабарчылары командировкага Кыргызстанга жөнөп жатат ..Буюрса биргелешип репортаж тартабыз..

кимден: Динара каяктан: Бишкек
15.03.2010 20:26
Бийликтин асылганы эле Азаттык болуп калды. КЫРГЫЗ ЭЛИНИН көзүн ачып чындыкты акыйкат чагылдырган,маалымат каражатын обого чыгарбай,элдин баарын керең кылганы жататышат да. Бакиев да Акаевдин акыркы күндөрүн кайталап жатат. Азаттык силерди колдойм. Жакынкы күндөрү ободон жаңырышыңарга ишенем.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.03.2010 19:49
Азаттык радиосун обого чыгарбоо аракети менен кырдаал курчуй баштады. Муну менен катар ВВС кыргыз кызматынын угармандары көбөйө баштады. Жакында ВВС кыргыз кызматын да жабуу аракетин көрүшөт. Себеби, ачык сөздөр да айтыла баштады.

кимден: Зайир каяктан: Лейлек
15.03.2010 19:30
Бакиевдин сөз эркиндиги жана демократия деген сөздөрүн кыйла жолу эле уктум. бирок тескерисинче бардык жерде коркуу жана үмүтсүздүк пайда болуп жатат. жок дегенде АЗАТТЫК ты уктуруп турса болмок.

кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
15.03.2010 17:36
"Азаттык" радиосунун бийлик тарабынан кысымга кабылышы бул бийликтин бүт дүйнө жүзүндөгү Кыргыздарды шылдындаганы.Бирок бийликтин максаты ишке ашпай бүт дүйнөгө өздөрү шылдың болушат.Мурда Акаевдин командасындагы жеп-ичер коррупционерлерден башка эч кимден "Азаттык" радиосу адилетсиз деп, уккан эмесмин.Азыр да "Азаттыкты" жактырбагандар дал ошолор, ар бир төрөлгөн Кыргыз наристесинин ырыскысын талап жегендер. Жакында чечкиндүү күрөш башталат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)