Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:48

Саясат

Кошоктош өкмөттөр кош бийликти жаратпайбы?

Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн өткөөл мезгилдин өкмөтү менен бирдей эле мурдагы убактылуу өкмөттүн декреттерди кабыл алуу укугу сакталып калууда. Муну укуктук чалкештик жана кош бийлик катары мүнөздөгөн “Жарандык коом жана демократия үчүн” бирикмеси түзүлгөн укуктук жагдайды тактап берүү үчүн сотко кайрыла тургандыгын жарыялады.

Жаңы Өкмөттүн алгачкы жыйыны 16-июнь, 2010
x
Жаңы Өкмөттүн алгачкы жыйыны 16-июнь, 2010
Текст көлөмү - +
Жаңы баш мыйзам кабыл алынгандан кийин Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү кызматтарынан чегингендиктерин жарыялашкан. Бирок ошол эле учурда мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө жана ыңкылапчыл максаттарды ишке ашырууда чыгарыла турган декреттер үчүн добуш берүү укуктарын сактап калышкан.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова мындай жагдай бийликтин укуктук талаага киргендигин тастыктабайт деп эсептейт:

- Референдум өткөрүлүп, Роза Отунбаевага ишеним көргөзүлгөндүгүнө карабастан бизде ал киши дагы деле президент катары эмес, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы катары декреттерге кол коюп чыгарып жатат. Бизде болсо чоң суроо туулуп жатат. Бул Убактылуу Өкмөт дегендин макамы кандай? Баш мыйзам боюнча эч кандай статусу жок. Эгерде конституциялык макамы жана укуктук негиздери болбосо алардын мыйзам чыгарганга акысы барбы?

Жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамды күчүнө киргизүү боюнча жободо Президент Роза Отунбаева мамлекет башчылыкты аркалоо менен бирге эле өткөөл мезгилдин өкмөтүн жетектөөнү да мойнуна алат. Конституциялык Кеңешменин катчылыгынын жетекчиси Данияр Нарынбаев мыйзам чыгаруу бийлигиндеги боштукту толуктоо үчүн мурдагы Убактылуу Өкмөттүн декреттерди бекитүү укуктары сакталып калгандыгына токтолду.

- Өкмөт эки баштуу болбойт. Өткөөл мезгилдин өкмөттүнүн функциясы бул – экономика, социалдык тармак, каржы тармагы. Мыйзам чыгаруу укугун Убактылуу Өкмөт өзүнө ыйгарган болчу. Мына ошол жагы ошол бойдон калды. Жаңы Жогорку Кеңеш келип иштеп баштаганда гана аталган бийлик-укуктар ошолорго өтөт. Ага чейин Убактылуу Өкмөт өтө зарыл учурда чогулуп, мыйзамга өзгөртүү киргизгенге дагы деле укуктуу.

Бирок укук таануучулар мамлекет укуктук талаага киргенден кийин декреттерди чыгаруу токтотулуп, баш мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик бийлик органдары гана калышы керек деп эсептешет. Бирок Убактылуу Өкмөттүн укук коргоо жана сот органдары боюнча координатору Азимбек Бекназаров маалымат каражаттарына кызматтан кетпей тургандыгын жарыялаган. Анын жардамчысы Анарбек Кайназаров муну ынкылапчыл кызыкчылыкты коргоо менен байланыштырды:

- Шайлоого барам деп анан кызматта олтуруп алса, анда мыйзам бузуу болуп калмак. Бирок бул киши шайлоого барбайм, жаштар барсын мен өткөзүп бердим деп олтурбайбы. Техникалык Өкмөткө ар кандай кишилер келди. Революциянын максаттары ишке ашпай калышы мүмкүн. Өзүбүздүн жеңишибизди уурдатып койбойлу деген негизде ал киши кетпей олтурат да.

Ошол эле учурда Азимбек Бекназаровдун мындай аракеттин сынга алган саясатчылар да аз эмес. “Айкөл Эл” саясий партиясынын төрагасы Эдил Байсалов Азимбек Бекназаровдун аракеттинен мыйзам бузуучулукту гана эмес адамгерчиликке туура келбеген жосунсуз жорукту көрдү:

- Азимбек Бекназаров – бул өзүм билемдик кылып, басмачы катары олтурат кабинетте. Анткени эч кандай жарлык чыккан жок да бул киши боюнча. Ал адам жаңы өкмөттүн курамына кирген жок да. Кээ бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөлөрү өздөрү эле элдин ишениминен эбак эле кетишкендигин сезип турушат. Шайлоого барып элдин добушун ала алышпайт. Анан ар кандай сөздөргө жамынып алышып эле кабинеттерин кучактап олтура беришет.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” бирикмеси өткөөл өкмөт менен Убактылуу Өкмөттүн иш алып баруусунун укуктук негиздүүлүгү чечилбей турган болсо анда жалпы эле бийликтин мыйзамдуулугу боюнча маселе талашка айланып кетиши мүмкүн деп тынчсызданат. Ошондуктан аталган бейөкмөт уюм тактык киргизүүнү талап кылаарын белгиледи.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: I LOVE MY каяктан: KYRGYZSTAN
21.07.2010 20:47
УШУЛ БИЗДИН АТКАМИНЕРЛЕР КЫЗЫК! Бийлик,АТАСЫНАН КАЛГАНДАЙ ОЙЛОШОТ! Кет! дегенден кийин КЕТСЕ! ОЗУ ЭЛЕ БИЛИП!!!! ЭДИЛ БАЙСАЛОВ! айткандай,КАРАКЧЫГА ОКШОП! Олтурабербей!!! ПАПКА, КРЕСЛО! ДЕГЕНДЕ ОЗДОРУН ТАМДАН ТАШТАШАТ!!! Же! КАНТТАГЫ! шифер,цемент заводдун! УМУД КЫЛЫП ЖАТТАБЫ!!!!

кимден: Бакыт каяктан: Нарын
21.07.2010 19:25
Бекназаровду сындагандан , оздорунун кылыктарын блип алсынчы адам укугун коргогучтар, Азимбек эн жакшы жумуштарды жазап жатат ит бекер сатылып кеткен элдин байлыгын мамлекетке откозуп жатат жана бир топ жакшы жумуштарды жазады. Отунбаева Азимбек шайлоого барбаза Муралиевтин ордун бериш керек азыр бизге чечкиндуу коркбогон адам керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.07.2010 19:17
кимден: Патриот каяктан: Россия
20.07.2010 21:36 Cаламатсыздарбы!
Азимбек Анаркуловичтин уулу Руслан Бекназаровдун E-mail ин билгендер болсо birimdik2010@yahoo.com го билдирип кое аласыздарбы.Саясасаттын кунгой-тескейи тууралуу кенешип коройун дедим эле.Алдын ала ыраазычылык билдирем.

урматтоо менен Орус жеринде жургон мекендешинер

кимден: Alim каяктан: Бишкек
21.07.2010 17:20
Бардык УӨ мүчөлөрү, ишин тапшырып ордуна өздөрү каалаган адамдарын коюп кетишти. Роза Отунбаева баарына макул болуп, эми бир гана Исмаил Исаков айткан адамды койбоду.
Эмнеге деген суроо туулат?

кимден: Эрмек каяктан: чуй
21.07.2010 16:05
Ушул укук коргоочулардыкы отту, куйшкандай жармашып эле журушот, Байсаловдан акчаны толотуш керек. Бекназаров иштеш керек же болбосо Акаевдер кирип келет Бакиевди кошуп алып, ансыз дагы басып жыгылышты.

кимден: Алик каяктан: Бишкек
21.07.2010 15:36
Эми эмне Бекназаровду кетирип Данчики алып келейин деп жатасынарбы? Ушул укук коргоочуларды Ошурахуновду туура эмес маалымат берген учун эмнеге жооп бербейт, Байсалов мамлекетке канча деген миллион зыян алыпкелгени учун эмнеге жооп бербейт тан каласын анан сын айтканда эле укмуш, Бекназаровдун чокойуна тен келбейсинер

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)