Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Алмаз Атамбаев: Бакиев Акаевден ашып түштү


Алмаз Атамбаев, 2009-жыл, 30-июль
Алмаз Атамбаев, 2009-жыл, 30-июль

Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев президент К.Бакиевдин Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөздөрүн сынга алды.

- Алмаз мырза, 23-24-мартта Бишкекте президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Ынтымак курултайы өттү. Анын өтүшү боюнча, кабыл алынган чечимдери боюнча кандай ойдосуз?

- Билесиздер, биз дагы Элдик курултайда аткаруу комитетин түзгөнбүз. Анда аткаруу комитетинин төрагасы Роза Отунбаева билдирүү жасаган биздин бир дагы талапка жооп берилген жок деп. Мен ушул билдирүүгө кошулат элем.

- Президент К.Бакиев курултайдын биринчи күнү сүйлөп, оппозициянын эч кандай экономикалык программасы жок, алар кетсин деп айткандан башка сөзү жок деп сындады. Ошондой эле оппозициянын Ынтымак курултайына катышпай койгонун айтты. Сиз кандай ойдосуз?

- Биринчиден, бул жалган сөз. Анткени Ынтымак курултайына алдын ала эле айтылган партиянын өкүлдөрү чакырылбайт деп, бул бийликтин сөзү. Оппозициянын лидерлеринин көпчүлүгү партиянын өкүлдөрү. НПОнун өкүлдөрү барды, партиянын лидерлерин алдын ала кесип таштады.

Экинчиден, программасы жок дегени да жалган. Анткени, билесиңер шайлоого мен чоң программа менен чыккам. Бирок ал программа, албетте, бул бийликке жакпайт. Анткени ал программада үй-бүлөлүк башкарууну токтотуш керек, бийликти элге бериш керек, бардык жерде тоталдык, граждандык, жарандык контроль болуш керек деп айтылган.

- Курманбек Бакиев дагы бир сөз айтты. Бүтүн дүйнөдө өткөн кылымда кабыл алынган шайлоолор, адам укуктарына негизделген демократиянын үлгүлөрү бардык жерге эле сиңип кетпейт экен. Мисалы шайлоолорду алалы, тажрыйба көргөзгөндөй бизде шайлоолор программалардын жарышы, жалаң эле технологиялык машиналардын кагылышына айланды, шайлоолор чөнтөктүүлөрдүн марафонун элестетип атат деди. Бул сөздөрүн кандай максат менен айтып жатат деп ойлойсуз?

- Шайлоону ушундай деңгээлге түшүргөндү Акаев баштады эле. Бирок такыр жердин түбүнө чейин түшүрүп, шайлоо институтун Кыргызстанда жок кылган ушул сүйлөп аткан Бакиевдин өзү. Бийликтегилерге шайлоонун, демократиянын кереги жок. Аны акыркы шайлоо нак көрсөттү бизге. Шайлоо эмес эле бүт мамлекеттик машина үстүндө Бакиев туруп алып, биринчи кезекте Атамбаевди күнү-түнү шыбап жатып алды. Атамбаевдин активисттерин сабап, камап, Балыкчыда керек болсо, бул шайлоо болобу деп бюллетендерди ыргытып аткандарды кармаса, ошол бюллетенди ыргытканды камабай, кармагандарды төрт жылдан камады. Бул Бакиевдин жасаган иштери.

Албетте кээ бир өлкөлөргө окшотуп Бакиев деле парламентти такыр жок кылып, ансыз деле азыр парламенттик шайлоо кандай өткөнүн билебиз да. Клара Кабилова айтпады беле Москвага качып кеткенин. Ал деле кээ бир мамлекетке окшотуп калк маслихатын түзүп эле, (Ынтымак курултайы - калк маслихаты да) өзү аны шайлап алып, өзү каалагандай кыла берейин деп атат. Бул Кыргызстанда демократияны жок кылайын деген кадамдардын бири.

- Азыр Балыкчы окуясын эстеп кеттиңиз. Президент К.Бакиев 24-мартта Ынтымак курултайында сүйлөгөн маалда Исмаил Исаковдун маселесине да токтолуп кетти да. Мунапыс жөнүндө мыйзам даярдалып атканын айтты. Бул маселеге кандай карайсыз, дегеле Исаков боюнча президенттин акыркы айткан сөздөрү, анан Петровка, Балыкчы окуясы боюнча?

- Исаков түрмөдө отурганын билбейт экемин деп айтканы -бул жалган, калп, калп жана калп. Уят негизи. Ушулардын баарын көрүп алып уяласың, бул бийлик такыр эле кудайды унутканбы деп.

- Азыркы учурдагы Кыргызстандын эл аралык коомчулукта алган ордуна кандай баа бересиз. Анткени К.Бакиев айтып атат, былтыртан бери Кыргызстан эл аралык аренада өзүн тапты, башкалар менен тең ата сүйлөшүп калды деп?

- Кыргызстан тең ата сүйлөшүү үчүн биринчиден жок дегенде өзүнүн активдерин кыргыз мамлекети, кыргыз жарандары башкарыш керек. Керек болсо пенсиялык фонддун акчаларын эл аралык аферист Гуревич башкарып башкарып атат. Кайдагы Кыргызстандын аброю бар деп атасыңар, аброю жок таптакыр. Көрүп атасыңар чыдап жүргөн Орусиянын деле маалымат каражаттары чындыкты айтып баштады. Казакстандын бир чоңдорунан уктум, керек болсо Кыргызстан менен чек араны зым менен тосуп коебуз деди. Анткени Кыргызстан, орусча айтканда "черная дыра" болуп калды. "Черная дырага" бизди Бакиевдер, Гуревичтер айлантты да.

- Сиздер 17-мартта өткөргөн Элдик курултайда 7 талап коюлган. Бирок ал талаптар бийлик тарабынан аткарылбай тургандыгы Ынтымак курултайында көрүндү. Эми сиздердин мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот?

- Бүгүндөн баштап жер-жерлерге БЭКтин лидерлери, уюштуруу комитеттин мүчөлөрү кетишти. Ар бир региондо жанагыдай элдик курултайларды өткөрөбүз. Региондогу эл чечсин, ушундай бийлик кереги барбы, ушул бойдон элдин байлыгын, элди, жерди, Бакиевдерге, Гуревичтерге, Елисеевдерге талатып коюп жүрө беребизби, же 2005-жылдагыдай эл бийликти кайра алабы. Эл өзү чечсин. Ушул иш бүгүн башталды. Бүт региондордо ошондой курултайларды өткөрөбүз. Ар бир региондо курултай өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитеттери түзүлөт.

- Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда 17-мартта өткөн Элдик курултайдын чечимдерин колдой турганын билдирди. Бирок ошол эле убакта оппозициянын азыркы лидерлерин сындап өтүптүр. Ошонун ичинде сизди дагы төңкөрүштү уюштургандардын бири деп айтыптыр. Анан мурда премьер-министр болуп турганда Бакиевди мактачу эле, азыр болсо Кыргызстанга кылмыштуу бийлик орнотту деп сындап жатат деп. Биринчиден, сиздин 24-март 2005-жылкы окуя боюнча пикириңизди билгибиз келет. Кандай деп ойлойсуз, бул ыңкылаппы, же төңкөрүшпү, же башка бир окуя болдубу?

- Бир түндө болуп калса анда төңкөрүш деп айтса болот. Бул чын эле революция болгон. Анткени эки-үч ай, биринчи Жалал-Абаттын, анан Оштун, Нарын, Кочкор, Таластын эли көтөрүлгөн. Албетте, бул акыбалга элди ошол эле Аскар Акаев алып барган. Азыр деле ушундай акыбалга келип атканыбыз, ошол кезде салып кеткен ААкаевдин уу үрөндөрү азыркыга чейин чыгып атат.

Азыр деле Ынтымак курултайын карасак, ошол А.Акаевди көкөлөтүп мактаган эле биздин дүжүр аксакалдар ошондо Акаевдин тегерегинде жүрбөдү беле. Ынтымак курултайын карасаңар, ал жакта 24-мартта жүргөндөр жок. Залда бизди жоготобуз дегендер отурат, Суталинов, Түлеев, трибунада Аблесов, Жумагулов, Түмөнбаева, бүт эле Акаевдин аркасынан жүргөндөр.

“Ак Жолду” карагыла, башкаргандар Баекова-саековалар. Ошондуктан азыркы болуп аткан балээнин баарын, пайдубалын А.Акаев түзүп кеткен каалайбы, каалабайбы. Ошол эле Гуревичтин оң колу Елисеев ошондо Айдар Акаевдин юристи болчу. Эми Максим Бакиевдин юристи болуп жүрөт. Мен минтип айтаар элем, Курманбек Салиевич Бакиевге премьер кезимде бир канча жолу айткам: "Курманбек Салиевич Акаевдин куйруктары менен өзүңүздү тегеректеп алдыңыз, Акаевдин жолуна түшүп баратасынар, аягына аңга түшөсүңөр" деп. Үй-бүлөсүн ээрчип атып Акаев аңга түштү эле, сиз дагы аңга тыгыласыңар деп айткам. Керек болсо ноябрдын башында филармонияда фермерлердин, аграрлардын чоң жыйыны болгон. Ошондо филармониядан мен сүйлөгөм ушул сөздү, ачык айткам мындай болуп атат деп.

Мына мезгил көрсөтүп атат, Акаевдердин үй-бүлөсүнүн жолуна түштү Бакиевдер. Бирок, албетте, булар ашып кетти, тигилер авторитардык режим куруп атса, булар авторитардык-криминалдык режим болуп кетти. Аягында булар аңга алып баратат өзүн дагы, мамлекетти дагы. Андан көрө бирөөгө акыл үйрөтпөй, ошол эле Аскар Акаев элинен кечирим сураса болмок. Татынакай туура жол менен Кыргызстанды алып барбай, ким Конституцияны бузуп баштаган ким, ким үй-бүлөлүк режимди орнотом деп баштаган, ким Кыргызстанды тоноп баштаган. Мына азыр айтыптыр байлыгынан ажырагандан кийин оппозицияга өттү деп. Менин байлыгымдын баарын А.Акаев күчкө салып алган Елисеевдердин жардамы менен. Аны мен унута элекмин. Мен ак эмгегим менен тапкан байлыгымдын баарын Аскар Акаевич алып койгон, 95 пайызын, Бакиевдер эмес. Бакиевдер тие албай атат.

- Кыргызстандагы экономиканын акыбалына кандай баа бересиз? Анткени айтып атышат, мисалы 2005-жылы бюджеттин киреше бөлүгүндө 17 млрд. сом бар болчу, азыр 50 миллиарддан ашты, бюджет 2-3 эсе көбөйүп атат, бирок ошону оппозиция такыр эле көргүсү келбейт деп атат?

- Ошол сүйлөгөндөргө мен минтип айтаар элем, мына мен премьер-министр болуп 2007-жылы иштебедим беле, ошол 2007-жылдын натыйжасы менен салыштырбайбы андан көрөкчө. 2007-жылы Кыргызстандын кирешеси 1 млрд. доллар болгон. 2007-жылы Кыргызстандын дүң өсүшү 8 пайыз болгон. Ошону менен салыштырсын, 2005 менен салыштырбай. Ошол 2007-жылдын аягында тилекке каршы оппозиция бөлүнүп-жарылып кеткенден кийин, билесиңер “Реформа үчүн” кыймылы, тилекке каршы, жарымысы Кулов менен Эшимкановду ээрчип кеткен, эки провокаторду. Азыр деле айтам ошентип, оппозицияны бөлүп кеткен. Ошондон кийин оппозициянын алсыраганын көрүп туруп, бийлик авторитардык, криминалдык мамлекет түзүүгө багыт алган. Ошондон кийин карап көргүлө ошол цифраларды. 2007-жылдан кийин экономика менимче өйдө кеткен жок. Салыштыра турган нерсени салыштырыш керек, ошондо баары көрүнүп калат. Мына 2007-жылдын аягында парламенттик шайлоодо Кыргызстанда демократия тебеленген. Ошондон кийин караш керек кайда кетти Кыргызстан. Көрүп атабыз кайда кеткенин.

- Кыргызстанды кимдер башкарып атат деген ойдосуз. Анткени кечээ Ынтымак курултайында К.Бакиев айтты, көп нерселерди элдин оозунан уктум, айрым маалыматтар мага жетпей атыптыр деп?

- Ал киши өзүнүн сөзүнүн ээси. Кээ бир адамдар өзүнүн сөзүн мындай да бурат, тигиндей да бурат, ишенгендер ишенсин. Чындыкты билгендер ишенбейт. Кыргызстанды ким башкарып атканын, ким эмне кылып атканын биз билебиз. Бул күлө турган нерсе. "Все это было бы смешно, когда бы не было так грустно". Уят нерсе. Мындай сөздөргө эл деле ишенбейт го.

Ошол эле Ынтымак курултайында бирөө чыгып айткан жок да, Гуревичтерге, бир туугандардын, балдарынардын колуна салып бердиңер мамлекетти деп. Бирөө айттыбы Бакиевге, айткан жок да. Албетте, ал киши билет. Анткени баары жетинчи кабатта чогуу отурат. Бирок кийин билмексенге салып коет, балдарымдын, бир туугандарымдын башкарып атканын, Гуревичтин жүргөнүн билбептирмин деп.

- Маалымат жыйынында Данияр Үсөнов айтты, Гуревичтин кыргыз өкмөтүнө эч кандай тиешеси жок деп?

- Азыр керек болсо ошол эле экономикага өкмөттүн тиешеси жок, башкаргандар башкалар. Биз көрүп атпайбызбы президенттин уулу отуруп алып, оң жагында ошол эле Үсөнов, сол жагында Чудинов отурат. Ким башкарып атканын көрүп атабыз да. Азыр өкмөт жок Кыргызстанда. Башкарып аткан үй-бүлөнүн кешигин жеп, ары-бери чуркаган желдеттери бар. Өкмөт жок Кыргызстанда.

А.Атамбаев: Биздин программа бийликке жакпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00

XS
SM
MD
LG