Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:09

Мултимедиа

“Азаттык+”: талаштан тактык жаралат

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун куралсыз полициясынын Кыргызстандын түштүгүнө келиши чоң саясий чууга айланды. Полиция кеңешчи тобунун келишине каршы бир канча аймактарда нааразылык иш-чаралары ушул күнгө чейин уланууда.

ЕККУнун полициялык кеңешме тобуна каршы акция, 26-июль, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
“Азаттык+” сыналгы берүүсү ЕККУнун куралсыз полициясына каршы нааразылык иш-чараларын өткөрүп жаткан жаштар жана полициянын киргизилишин колдогон атуулдар ортосунда жандуу талкуу уюштурду.

-Кыргызстанга келе турган ЕККУ полициясы деген ким?

-Алар кандай макамга ээ жана негизги милдеттери кандай?

- Эмне үчүн бул эл аралык куралсыз полициянын келиши чоң саясий чууга айланды?

-Куралсыз 52 полицияга каршы митингге чыккан жаштардын артында шыкак берген күчтөр барбы?

-Каршылык акциясынын демилгечилери эмнеге таянып Кыргызстандагы кырдаалды Косового салыштырып жатышат?

Ушул жана башка олуттуу суроолорго ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Лилиан Дарий, тышкы иштер министринин кеңешчиси Авазбек Атаханов, “Кыргыз эли сырткы күчтөрдү киргизүүгө каршы” жарандык кыймылдын уюштуруучулары Мавлян Аскарбеков, Бакыт Жумагулов жооп беришти.

Кызыктуу берүүнү 9-августта кечки саат тогузда Улуттук Биринчи каналдан көрүңүз!

Эгерде сиз “Азаттык+” сыналгы жана үналгы программаларына ой-пикир, сунуштарыңыз болсо 0312 31 61 71 телефонуна чалыңыз же jashtar@azattyk.kg электрондук дарегибизге кат жазыңыз!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
05.08.2010 09:26
1-суроого жооп:ЕККУнун сакчысы деген <<кишилик окук жана еркиндик>> аттуу куралдар менен күчтүү куралданган топ.
2-суроого жооп:алар <<сакчы>> деген атка ее. милдгти болсо ЕККУну же бириккен мамылекеттер уйуму сыйактуу ел аралык уйумдарды курч жазылган дөкүлаттар менен камдоо милдетине ее.
3-суроого жооп:бул аталаыштакы сакчылардын барган еле жерлери чоң чууларга айланып кетип жаткан чындыктан улам ушундай болууда.
4-жүрүшкө чыккан жаштардын артында елдин егемендиги жана кыргыз елинин бүтүндүгүнөн турган улуу күч бар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)